Нарында өз алдынча көмүр казып жаткан жаранды шахта басып, каза болду

Нарында өз алдынча көмүр казып жаткан жаранды шахта басып, каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 30-октябрда Миң-Куш айылынын Ак-Улак тилкесиндеги шахтада өз алдынча көмүр казып жаткан 1 адамды басып калган. Ал 1956-жылы туулган Миң-Куш айылынын М.Б., аттуу тургуну.

“Издеп-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган. Кечээ, кечки саат 19:50дө 15 метр тереңдикте шахта урап басып калган адамдын жансыз денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Булак: «Кабар»