БШКнын серверине 80 миңден ашуун хакердик чабуул жасалган

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын 30-октябрда журналисттерге билдиргени боюнча, президенттик шайлоо алдындагы эки жумада серверге 39 миң 800 чабуул жасалып, бирок натыйжасыз болгон.

Шайлдабекова БШК системасы ишенимдүү иштерин бекемдеп, 15-октябрь күнү саат 21:05те бир убакта 26 өлкөдөн 18 миң 380 чабуул жасалганын, шайлоо системасы ага да туруштук бергенин билдирди.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өттү. Ага 11 талапкер катышып, шайлоочулардын 54% ашуун добушу менен башкаруучу Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыккан.

БШК 30-октябрь күнү шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялап, Жээнбековду президенттик шайлоодо утуп чыкты деп маалымдады. БШКнын бул чечимине комиссиянын эки мүчөсү: Гүлнара Журабаева менен Атыр Абдрахматова макул эместигин билдирип, кол коюудан баш тартышкан.

Булак: «Азаттык»