Бишкекте шайлоону таза өткөрүүгө чакырган жыйын өтүүдө

ишкек шаарында бүгүн, 12-майда «Таза шайлоо-бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүнү кепиллиг » деген темада жыйын болууда. Аталган жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, саясатчылар менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Жыйынды Жарандык көзөмөл комитети аттуу бирикме уюштурууда.

Жыйындын жүрүшүндө БШКнын, көз карандысыз эксперттер менен парламенттеги фракция лидерлеринин баяндамасы угулат.

Жарандык көзөмөл комитети алдыдагы президенттик шайлоону тынч жана таза өткөрүү максатында бийлик жана оппозиция өкүлдөрүн ачык диалогго чакырууда.