Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай жүк ташуучу каттамы ачылды

Ташкент — Анжиян — Ош — Эркеч-Там — Кашкар жүк ташуучу унаалардын каттамы ачылганын Ош мэриясынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 30-октябрь күнү «Достук» өткөрмө бекетинде аталган эл аралык унаа жолуна тийиштүү мамлекеттерден келген делегациялар жолугушуу өткөргөн.

Кыргызстандын атынан жолугушууга Ош шаарынын мэри, Ош облусунун башчысы, Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймак боюнча өкүлү катышкан.

«Иш-чаранын алкагында ар бир өлкөдөн үчтөн жүк ташуучу унаа «Достук» өткөрмө бекетинен өтүп, Кытайдын Кашкар шаарына бет алышты», — деп айтылат маалыматта.

Бул пилоттук долбоор үч мамлекеттин катышуусунда ишке ашып, жүк ташууга жакшы шарттарды түзөт.

Булак: «Спутник»