Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Ушул көздөргө ал бала күндөн сук-танар эле. Кээде ыйлап, кээде кы-ялданып, кээде Жаратканга, кээде апасына нааразы болуп кетчү. Айылдагы “мен кыйын” деп көзгө көрүнгөн уландардын баарын ушул көздөр арбап, арзытып, азгырып жаткандай, жандүйнөсүн кызганыч бийлечү. Анткени, билчү, ким болбосун баарынан мурда Күнайымга назар төшөп, ким болбосун анын көзүнө көрүнүп, көңүлүнө илинип калууну самачу. Жада калса, эми да бул Зумуратты канчалык итерип, жек көрүп жатса да, имерилип туруп албадыбы тиги!

Ушуну ойлогон кыздын оюна баягы ук-муштуу ой кайра да келе калды! Канчалык ошол азгырыктан алыстап кетүүгө  аракет  кылганы  менен,  айланып келип эле экинчи бир туюму: “Жок! – деп шыкактап туруп алды. – Мунун жанында сен дайыма экинчисиң! Азбы, көппү, канча жашасаң да анын көлөкөсү болуп жүрүп өтөсүң! Ошондуктан, Зумурат келгиче муну жогот! Анын үстүнө, бул мамилең үчүн сени ал эми эч качан кечирбейт! Зумурат да жек көрүп калат!”

Кум аралаш көбүк аккан ууртун арчыгы-сы келгендей, манжаларын кыбыратып, колун көтөрүүгө аракет кылып, бирок ошого да алы келбей көгөрүп-татарып жатат Күнайым. Болгону гана эриндерин кыбыратып, түшүнүксүз кыңкыстаган болот. Дүрайымдын оюн оку-гандай, ага бир нерсе айткысы келгенсийт. Дүрайым тескери бурулуп кетет. Айныгыс  чечимге  келгендей,  башын бийик көтөрөт.

Отура калып, эки уучуна кум толтуруп келет да, өзүн карап жайнаган кош карекке куюп жиберет! Демейде, карап койгону эле адамдын жандүйнөсүн жылытып, күнгө окшоп балбылдап  турчу  кош  карек  үстөккө-босток топурак-кумга көмүлүп, башын ары-бери ала качкан сайын кулак-мурдуна кошо кум толуп, үнү чыкпай, дем жетпей тумчугуп, бирок  жандүйнөсүндө,  жандилинде  жан-дай  көргөн  курбусуна  таарынып  да,  наа-разы  болуп,  ара  чолодо:  “Ичиңден  ийри жылан чыксын! Ичиңден ийри жылан чыксын! Ичиңден ийри жылан чыксын!” – деп үстөккө-босток каргыш айтып, жандалбастайт .

– Мына, мына! Дагы керекпи? Ал, мына! – дейт бир чети кайгыдан, ыза менен азап-тан, бир чети коркконунан, да бир чети кыз-ганычтан, жек көрүүдөн өзүн-өзү жоготуп, өзүнө-өзү ээ боло албай калган Дүрайым.

Тырмактары сынып, колдорунун учтары-нан кан шорголоп агып калгыча жер чап-чылап, Күнайымдын бети-башын топурак, кум, таш менен тирүүлөй корумдап, ошон-до да көксөөсү басылбайт. Ушунун баарына күнөөлүү деп эсептеген курбусун ушинтип салса эле баары ордуна келип калчудай болгон. Бир убакта чарчап, суй жыгылганда гана жер сүзүп ыйлап жатты.

Ушул кезде дыбырап жамгыр жаады. Бул жерге түшкөнү жамгырды ал биринчи жолу көрдү. Болбосо, күн күркүрөп, чагылгандын гана чартылдаган үнү угулчу. Булар мында келгенден бери адырдын боорун канча ирээт эзип, нөшөрлөп жамгыр куйду. Бир тамчысы да жер-куйдун түбүнө жетпей, учу кыйыры жок тикчийген асканын орчукбурчук беттери тосуп калчу да, тээ бир убакта туруштук бере албай эзилген кумтопурак куюлуп, күүлдөп-шаалдап көчүп түшчү.

– Асканын беттери кургап, бекемделгиче ушинте берет, – деген бир жолу Күнайым.

Үчөөлөп, денеси сыртта калгандарды жерге жашырып, “өлгүчө кереги тийер” деген буюм-терим, кийим-кечегин бир жерге чогултуп, баш паанек кылганга жайлуураак деп ушул жерди табышкан. А бирок Күнайым кыз-келиндердин сөйкө-шакектерине, атүгүл жоокер башынын аты жогундагы бир үйүр жылкыга алмашкан кымбат ташка, алтын менен жалатылган кемерине да тийгизбей, кошо жашырышкан.

“Жер үстүнө баары бир чыгабыз”, – деп ишенген Зумурат менен Дүрайым кылчак-таган кезде:

– Булардын бизге эми кереги жок, – деген Күнайым. – Эч качан!..

Дүрайым ага ишенген эмес. Ошон үчүн башчы  жигиттин  кончундагы  бүктөлмө, күмүш сап макини алып өз чөнтөгүнө сала койгон. Ыйлап жатып, эмнегидир эсине ошол түшүп кетти. Кемселин сыйпалап, макини колуна алды. Канча убактан бери ачып да көрө элек болчу. Эми анын жука, бирок жалаңдаган курч мизи: “кызматыңа аярмын!” – дегендей коңулунан серектеп чыга калды…

***

Колу-бутун тарбайтып, асканын бооруна жабышкан Зумураттын айласы куруп турду. Ылдый жакты карагысы келген жок. Өйдө жакты кароо да канчалык кооптуу эле…

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.