Кайрымдуулук – кайтып келчү жакшылык

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Каарманыбыз – Гүлжан Какиева. Жолдошу экөөнүн 6 баласы бар. Жетинчиси кудай буюрса жакында жарыкка келгени турат. Балдарынын аралыктары 1-2 жаштан. Эң улуусу тогузда. Бирок, мектепке быйыл 7 жаштагы карындашы менен чогуу барды. Себеби, убагында тийиштүү документтердин жана каражаттын жоктугунан окубай калган.

Гүлжан эже сөзүн Бишкек шаарына кантип, эмне себептен келип калгандары жөнүндө баштады.

2014-жылы  бир  кызымдын  жүрөгү чоң деп, бир баламдын өпкөсүнө суу толуп кеткен деп айылдык врачтар бизди шаарга жөнөтүштү. Келип текшерүүдөн өтсөк, кудай жалгап уулубуздун өпкөсү таза чыкты. Кызыбызды көрсөткөнгө акчабыз жок калып, күйөөм: “Кичине иштеп акча таба коеюн, ушунча келгенге жараша кызды дарылата кетели”, – деп эски талчокто жүк түшүрүп иштеп  калды.  Төрт  бала  менен  тууган-уруктукуна деле батпайт экенсиң. Убактылуу батирде жашап туралы деп, күйөөмдүн жумушуна карап Ак-Босого жаңы конушунда батирде жашап калдык. Ошондон бери көр тирлик менен алышып, ичкен-жегенден артпай, ал тургай жетпей, кызыбызды али күнчө доктурга көрсөтө албай келебиз. Андан бери 3 жыл өтүп кетиптир.

Айылда жашап жүргөндө 3 балага жөлөк пул алчубуз. Шаарга келгени ал да токтоп калган. Жолдошум тактай базарына барып, кандай жумуш чыкса ошого иштеп күнүнө 200-300 сом таап келет. Кээде ал да болбой калат. Андайда балдарды ага таштап, швеяга иштей коем. Бирок, баары бир жеткире албай кетебиз. Андайда өзүбүздү-өзүбүз алдап, бул күндөр да өтөр, кетер дейбиз. Биздин кыйналганыбызды көргөн эжелерибиздин бири “Ак-Ордо 3” жаңы конушуна 4 сотик жер тилкесин карызга сүйлөшүп алып берди. “Акчасын бөлүп-бөлүп төлөйсүңөр”, – деди. Батирге акча төлөбөйлү деп дароо эле көчүп келип алганбыз. 3 ай чатырда жашадык. Жайы менен эптеп (тактай базардагы кайрымдуу адамдардын жардамы менен) 12 чарчы метрди түзгөн үй салып алдык. Биз жаңы келгенде суу жок болчу. Азыр суу кирди. 3 ай бою сууну сатып алып ичтик. Курулуш иштерине да акы төлөп алып жаттык. Кээ бир водовоздор 3 бачок сууга 120 сом сураса, айрымдары 170-200 сом алышчу. Айла жок алганга туура келет. Анткени, башка жактан ташып келүүгө күч да, шарт да жок.

Учурда жердин акчасынан 1 сом да бере элекпиз. Бир күнү болбосо, бир күнү келе деп келсе, эмнени беребиз деген ой көңүлүмө тынчтык бербейт. Мындан сырткары, светти кошунабыздан алып, жарым жартылай төлөйбүз. Ага кошуп электр жарыгын алып жатканыбыз үчүн 70 сомдон берип турабыз. Туруктуу жумуштун жоктугунан, бул деле кыйын болуп кетет. Күн сууктаганга үй муздак. Жылыткыч сайсак, эки үйдүкүн көтөрө албай кетет экен. Азырынча, тамдын үстүн жапкан тактайлардан арткандарын жагып, чай кайнатып, тамак кылып берип атам. Бирок, өлбөгөн жанга жаз келет дейт. Бул кыштан да чыгарбыз.

Жагдайым  тууралуу,  билип,  балким: “Балдарын багай албай жатып төрөй бергени эмнеси”, – деп мени тилдеп жаткан чыгарсыздар. Мындай жеме сөздөр мага тааныш. Уга берип кулагым көнүп калган сыяктуу. Кайын журтуман дагы, төркүндөрүмөн дагы мени жактырбай: “Өзүңөр кыйналып араң жүрөсүңөр, эмне катар-катар төрөп атасың”, – деп жемелегендер көп. Бирок жолдошум экөөбүз баш кошкону көп балалуу болууну тилечүбүз. Анткени, ал аз эле бир тууган болгондуктан, очор-бачарлуу чоң бүлөнү жакшы көрөт. Анын үстүнө ар бир бала өзүнүн ырыскысы менен кошо төрөлөт дешет эмеспи.

Урматтуу окурмандар, кайрымдуу адамдар, бул үй-бүлө учурда жардамдын бардык түрүнө муктаж. Бирок алар тагдырына наалат айтып, кыйналгандарын эч кимге айтып арызданышпайт. Жөн гана маңдайыбызга жазылганы ушул экен деп, жашоого сабырдуулук менен карашат. Гүлжан эженин айтымында, өзүнүн да, жолдошунун да туугандары өздөрү сыяктуу карапайым турушат. Ошондой эле батирде жашашат. Андыктан, арабыздагы мына ушундай аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө соопчулук үчүн колдон келген жардамыбыз-ды аябасак. Анткени, кайрымдуулук – кайтып келчү жакшылык.

Жардам берүүнү каалагандар 0703 54-71-86 номуруна чалып байланышсаңыздар болот.