Талапкерлерге партиялаш тарапкерлери каршы чыгууда

25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы кызматын тапшыра тургандыгы боюнча билдирүү жасады. Парламент жетекчилигинен өз каалоосу менен кетип жатканын айткан Чыныбай Турсунбеков демократия куруу жолунда бараткан Кыргызстанда парламенттик башкаруу формасына өтүү үчүн конституциялык реформаны аягына чыгаруу керектигин билдирди.

Төраганын отставкасы Парламенттин таркашынан кабар береби?

Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана президенттикке талапкер болгон  Улукбек  Кочкоров:  “Эгер  Сооронбай Жээнбеков чыныгы саясатчы болсо, Жогорку Кеңешти таркатышы керек”, – деп “Марал” радиосуна билдирди. Бул билдирүү жөн эле саясатчынын жеке пикири десе болот, бирок Жогорку Кеңеште жана өлкөдө болуп жаткан жагдайлардан улам бул нерсе реалдуу болуп калышы толук мүмкүн болуп турат. Жогорку Кеңештин тарап кетүү мүмкүндүгү боюнча коомчулукта да күбүр-шыбыр кептер таркай баштады.

Андай шыбырларга себеп болгон жагдайлардын бири – Турсунбековдун түшүнүксүз отставкасы. Анткен менен Чыныбай Турсунбеков өлкөдө Президенттик кызмат тынчтык жолу менен өткөрүп берүү салты ишке ашып, муну менен Кыргызстан дүйнө коомчулугунда аты таанылып жатканын белгиледи. “Бийликке келүү менен бийликтен кете билүүнү салтка айлантуубуз керек”, – деген Чыныбай Турсунбеков спикерликтен кетсе дагы, саясат менен парламенттен кетпестигин белгилеп, демократиянын өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткандыгын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, кесиптештерине ыраазычылыгын айтты.

Анткен  менен  Жогорку  Кеңештин бир  катар  депутаттары  Чыныбай  Турсунбековдун  парламент  спикери  кызматын  жогорку  деңгээлде  аткарганын, баардык эл өкүлдөрүнө калыс мамиле жасагандыгын, анын адамдык бийик сапаттарга ээ экендигин баса белгилешип, ал кызматын тапшырып жатканына таң калгандар да болду.

Белгилей кетүүчү жагдай, Чыныбай Турсунбеков Президенттике ат салыша турганын ишара кылып, кийин шайлоого катышуудан баш тарткан. Мындан кийин коомчулукта Турсунбековдун саясий ката кетиргени белгиленип, Президенттик шайлоодон кийин ЖК Төрагалыгынан кете турганы божомолдонуп жаткан болчу.

Ташиевдин таарынычы жана “тазалангысы” келген фракциялар

Ал аңгыча “Өнүгүү Прогресс” фракциясынын депутаты Икрам Тазабеков фракцияда Бакыт Төрөбаевге бир канча де-путаттар нааразы экенин айтып чыкты. Көп өтпөй эле “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутаттар Тазабек Икрамов, Камчыбек Жол-дошбаев жана Алмаз Жутанов чыгарылга-ны маалымдалды. Буга утурлай эле Тазабек Икрамов Бакыт Төрөбаевди лидерликтен кетирүүгө эми чындап бел байлай баштайм деген билдирүү жасады.

Белгилей кетсек, “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев адегенде Президенттикке талапкерлигин коюп, кийин бийликтин талапкери делген Сооронбай Жээнбековго каршы Өмүрбек Бабанов менен тандем түзгөн болчу. Шайлоо өнөктүгү учурунда дебаттардын биринде Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун кайым айтышуусу болуп, Сооронбай Жээнбеков коррупция менен катуу күрөш жүргүзө турганын айтып, ал эми ошол күрөштү Бабановдон баштай турганын баса белгилеген болчу.

Албетте, Сооронбай Жээнбековдун үгүт учурунда айткан сөзү канчалык деңгээлде ишке аша турганын убакыт көрсөтөт. А бирок шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болгондон көп өтпөй эле Ташиевге таандык деп эсептелген “7-канал” “Бабанов камалабы?” – деген атайын репортаж даярдап, Бабановдун тегерегинде айланып жүргөн имиштерге саресеп салган көрсөтүү жарык көрдү. Анда Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин катуу колдоого алган Камчыбек Ташиев Бабановго болгон таарынычын да билдирген.

Эсиңиздерде болсо, Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев партияларын бириктирип, “Республика – Ата-Журт” фракциясы менен Парламенттик шайлоого катышкан болчу. Кийин кээ бир жагдайлардан кийин Камчыбек Ташиев “кеме” сыртында калып калган.

Буга утурлай эле “Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат болуп барган Зарылбек Рысалиев Бабановго ишеним көрсөтпөө үчүн фракциянын кезексиз жыйынын чакырууга далалат жасап жатканы тууралуу имиштер да пайда болду. Кыялында бири президент, экинчиси премьер-министр болуп бийликтен бизнес жасагысы келген Бабанов менен Төрөбаев өз партиялаштары менен фракциялаштарынын таландысына калчудай абал түзүлүүдө.

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»