Өкмөттүн жыйынында үч министрге сөгүш жарыяланды

Бүгүнкү өкмөт жыйынында өлкө аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга тартылган тиешелүү министрликтер ишти жетишерлик деңгээлде аткарга жок деген баа берилди. Ошондой эле, Каржы министри Адылбек Касымалиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго сөгүш жарыяланды. Ал эми министрлер Батыралиев, Кудайбердиева, Исакунова жана Калиевге катуу эскертүү берилди.

Андан тышкары Премьер-министрдин буйругу менен Ош облусундагы өкмөт өкүлунө, Өзгөн районунун акимине жана орун басарларына сөгүш берилди. Бул боюнча өкмөт башчы протоколдук тапшырма берди.

Эске сала кетсек, бүгүн, 12-майда өтүп жаткан өкмөттүн жыйынында —  өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү, 2017-жылдын январь-март айларына өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы, Өкмөттүн «Таза Коом»  долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеши» тууралуу токтомунун долбоору жана ЕАЭБдин техникалык регламенттерди ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маселелер каралды.