Илимдер академиясы жаңы жетекчилүү болду

Улуттук илимдер академиясына академик, техника илимдеринин доктору Мурат Жуматаев президент болуп шайланды. Бул тууралуу УИАнын маалымат кызматынан билдиришти.

 

Академик Жуматаевдин талапкерлиги бир айдын ичинде премьер-министр тарабынан бекитилиши керек.

Академиянын буга чейинки президенти Абдыганы Эркебаев быйыл апрелде кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетүү боюнча арыз жазгандан кийин, Мурат Жуматаев Илимдер академиясынын президентинин милдетин аткарып келген.