1-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызстанда 1-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Суусамырда түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14;

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Баткенде түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус жогору болот.

Бишкекте 1-ноябрда күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 12…14, күндүз 26…28 градуска чейин көтөрүлөт.

Чукул билдирүү: Кыргызстандын аймагында 3-4-5-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн. 3-ноябрда күндүз кээ бир райондордо, 4-5-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Күн суук болот. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал багууну кыйындатат.