Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрь күнү ант берет

Кыргызстандын жаңы шайланган президентинин ант берүү аземи 24-ноябрда өтөт. Президенттик аппараттын билдирүүсү боюнча, салтанаттуу иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот.

Шайлоолорду өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын 30-октябрда жарыялаган болчу. Анда жеңүүчү аталган Сооронбай Жээнбеков 54,22% добуш алганы айтылды.

Эскерте кетсек, учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ант берүү аземи 2011-жылы 1-декабрда өткөн.

Булак «Акипресс»