Эки балалуу, көзү көрбөгөн Чынара Заитовага жылуу батир керек

Бактыгүл МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”


Биздин редакциябызга жардам сурап кайрылган адамдар көп келет. Алардын бири Чынара Заитова. Чынаранын эки көзү тубаса көрбөйт, биринчи топтогу майып, бир кыз, бир уулу бар, жолдошу жок. Учурда Келечек жаңы конушунда батирде жашайт экен.

Кыш кылычын алып келе жатканы белгилүү. Ал эми Чынара эки баласы менен жер үйдө жашашат, ичи муздак, ным өтүп, кээде эки баласы сасык тумоолоп калышат.

Коңшуларынын айтымында, мындай үйгө турганга болбойт, шарты бар кабат үйлөрдөн батирге чыгып албаса алдыдагы кыштан аман-эсен оорубай чыгаары күмөн.

–  Арыз  кат  жазып алып Президентке, Жогорку  Кеңештин  депутаттарына, Премьер-министрге кайрылып көрдүм. Тилекке каршы, бир дагы катымдан жооп ала элекмин. Жакында  эле  шаарыбыздын мэри  Албек  Ибраимовго дагы кайрылдым, андан да жооп жок. Азыркы жашап жаткан батиримдин шарты жок, кышкысын кантип от жагам, отунду кайдан алам, балдарымды муздак батирде кантип жуунтам, ооруп калышса кымбат дарыларды ким сатып берет?

Өзүм  аракет  кылып квартира издеп келем, акчасы туура келбейт, алган пенсиям батирге эмес, тамак-ашка жакшы жетпейт. Азыр кышкыга балдарыма жылуу кийимдери дагы жок,- дейт Чынара Заитова.

Чынара учурда дүлөйлөр жана сокурлар коомунда 10 жылдан бери үй алууга кезекте турарын айтты. Бирок ал үй качан тиери белгисиз.

Кыш дагы жакындаганына байланыштуу кимден жардам сурарын билбей, айласы кетип турган учурда, кол сунуп жардам кылчу адамдар чыгып калат деген ишеничтебиз.