Саламаттык сактоо министрлиги: былтыр аракечтиктен 24 адам каза тапкан

Кыргызстанда аракечтердин жылдан жылга өсүп жатканын Республикалык наркология борбордун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Татьяна Борисова маалымат жыйында билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, наркологиялык каттоого 33 562 алынган, анын 80 пайызы аракечтер. Калгандары баңгизатка көз каранды болгондор. Алардын көбү элден жашырынып дарыланат.

Борисованын айтымында, 2016-жылы аракечтиктен 24 киши каза болгон.

2012-жылдан 2016-жылга чейин аракечтердин саны кыскарган болсо, 2017-жылы көрсөткүч 0,3 пайызга жогорулаган.

Республикалык наркология борборунун уюштуруу-методикалык бөлүмүнүн башчыса Жылдыз Бакирова аракечтердин 11 пайызы аялдар экенин, эң көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда жашай турганын белгиледи.

Маалымат жыйын Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өттү.

Булак: «Спутник»