Ишкерлер чек арада тарткан зыянды өкмөттүк комиссия эсептеп жатат

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абалдан ишкерлерге келтирилген чыгымды баалоо боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Комиссия премьер-министр Сапар Исаков кол койгон «Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалдан жабыркаган ишкерлерди мамлекеттик колдоо жөнүндөгү» токтомго ылайык түзүлгөн. Курамына тиешелүү мекемелердин жетекчилери, бизнес, коммерциялык банктардын өкүлдөрү кирди.

31-октябрда биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловдун төрагалыгы алдында аталган комиссия алгачкы жыйынга чогулду. Анда Экономика министрлигинин алдында чыгымды эсептөө комиссиясынын катчылыгын түзүү чечими кабыл алынды. Экономика, Транспорт жана жолдор, Ички иштер министрликтерине 1-ноябрдан тартып чек арага жакын жерде кезек күтүп турган автоунааларды каттоо тапшырмасы берилди. Мындан тышкары, Экономика министрлиги транспорт каражаттарынын күнүмдүк чыгымын тактоо милдетин алды.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара көйгөйү 10-октябрда башталып, казак бийлиги ары-бери өткөн жарандарды, автоунааларды текшерүүнү күчөткөн. Ошондон бери абал оңоло элек.

Расмий Астана муну Кыргызстан аркылуу келген аткезчиликке каршы күрөш деп түшүндүргөн. 18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Астанага барып, казак премьери Бахытжан Сагинтаев менен жолугушкан, тараптар жарандарды, жүргүнчү ташыган автобустарды, жеңил жана бош жүк ташуучу автоунааларды текшерүүдө жеңилдик берүүгө жетишкен. Бирок оор жүк ташуучу автоунаалар узун кезек күтүп, алардын катары 10 чакырымга созулуп кетти.

25-октябрда ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешинин Армениянын борборуЕреванда өткөн отурумунда Казакстан Кыргызстан менен көйгөйлөрдү чечүү боюнча Исаков менен жетишилген жол картага кол коюудан баш тарткан.

Булак: «Азаттык»