БШК Текебаевди ЖК депутаттык мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда “Ата Мекен” фракциясынын лидери, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевдин мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алды. БШК мүчөлөрү мындай чечимди бүгүн кабыл алышкан.

2017-жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту депутат Өмүрбек Текебаев менен ӨКМдин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура Текебаев менен Чотоновдун үстүнөн “коррупция” жана “алдамчылык” беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Булак: «Кабар»