Жогорку Кеңешке Ө.Текебаевдин ордуна Эсептөө палатасынын экс-башчысы И.Гаипкулов келет
Депутаттык мандатынан ажыратылган Өмүрбек Текебаевдин ордуна «Ата Мекен» фракциясына Искандер Гаипкулов келет. Бул тууралуу аталган фракциядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ө.Текебаев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 8 жылга эркинен ажыратуу тууралуу чеминен кийин мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатынан ажыратылган. «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидери Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү мекемесине которулган.
И.Гаипкулов буга чейин «РСК Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагалык кызматын жана Эсептөө палатасынын башчысы кызматын аркалаган.
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 1-ноябрда Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратты. Ал Жогорку Кеңештин I, II, III, V жана VI чакырылыштарында депутат болуп келген.