Арстандын күчүгүн шаарда жетелеп жүргөн жаран милицияга өзү келген

Арстандын күчүгүн борбор калаада жетелеп жүргөн жаран милицияга өзү келген. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясынын биоресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Шухрат Жолдошов билдирди.

Анын айтымында, жаран 1-ноябрда Свердлов райондук милициясына өзү келген.

«Биз рейд уюштуруп, бирок кишини таппагандыктан, укук коргоо органдарына расмий түрдө кайрылганбыз. Арстандын күчүгүн жетелеп жүргөн жаран 1-ноябрда Свердлов райондук ИИБге өзү кайрылган. Укук коргоо органдары биз менен байланышып маалымат беришти», — деди ал.

Милицияга өзү келген жарандын айтымында, ал арстандын күчүгүн 27-октябрда Бишкектен бейтааныш кишиден эч кандай документи жок сатып алган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин арстандын күчүгү Караколдогу «Бугу эне» фондусуна өткөрүлүп берилген.

Булак: «Спутник»