Ошто турак үйдүн дубалы кулап эки адам каза болду

Ош шаарынын Памир көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дубалы кулап, уранды алдында калган эки адам каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктан дагы бир адам жабыркаган.

Окуя болгон жерге саат 12.12де ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы полковник Нурлан Баймуратовдун жетекчилиги менен куткаруучулар барышкан.

Кырсыктын себептери такталып, каза болгондор менен жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.

Булак: «Спутник»