Бишкекте 4-кабаттан кулаган кыз аман калды

Бишкекте төртүнчү кабаттан кулап кеткен кыздын акылабы оор экенин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык 2-ноябрь күнү таңга маал болгон. Кызды Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна саат 05.45те жеткиришкен.

Маалыматка караганда, жабырланучунун жаагы сынып, мээси чайкалып калган.

Учурда укук коргоо органдары ишти иликтеп жатат.

Булак: «Спутник»