Бишкекте казак элчилигинин алдына нараазычылык акциясы өттү

Бүгүн, 3-ноябрда, Бишкектеги Казакстандын элчилигинин алдына 70-80дей киши нараазычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу коомдук ишмер Турсунбек Акун билдирди.

Акцияга чогулгандар менен элчинин өкүлдөрү чыгып жолуккан.

«Биз 5-ноябрга чейин кыргыз-казак чек арасын ачуу өтүнүчү менен кайрылдык. Эгер ачылбаса биздин өкмөттөн ЕАЭБден чыгуусун талап кылабыз. Элчинин өкүлдөрү биздин айткандарыбызды казак өкмөтүнө жеткирүү милдетин алышты», — деди Акун.

Чогулдандар элчиликтин алдында бир сааттай туруп тарап кетишкен.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы абал 10-октябрдан тарта оорлой баштаган. Казак тарап мындай кырдаал катезчилик жолу менен алынып келген импортко каршы күрөшүүнүн айынан болуп жатканын билдирген. 18-октябрда Сапар Исаков Астанага иш сапары менен барып, чек арада турган жарандарды, жүргүнчү ташыган автобустарды жана жеңил автоунааларды өткөрүү боюнча макулдашкан.

Бирок чек арадагы абал өзгөрүүсүз калууда.

Булак: «Спутник»