Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Төбөсү ылдый шатырап куйган жамгыр анын көл-шал болуп куюлган көз жашын тынымсыз жууп, агызып кетип жатты. “О, Кудай, ушунун баары өңүм эмес, түшүм болуп болуп жүрбөсүн?..” – ушу оюна чындап эле ишенгиси, жаман түштөн ойгонгусу келип кетти.

Болбосо, үрөйдү учурган ушундай укмуштуу күндөргө туш болом деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Энесинини зар какшап: “Балам, саат-кырсык деген каш-кабактын ортосунда. “Кудай деген кумурсканын буту сынбайт”. Этият болчу. Эмнеге эле делебептеп калдың, балам?! Бир балакеттин үстүнөн чыкканы жүрөсүңбү? Эки эмчегим эле зырпылдап, сыздап калчу болду. Мени кууратпасаң экен…” – дегенин чымын чаккандай да көргөн эмес. Деги эле энесинин мындай кептерин башынан эле кулагынын сыртынан кетирип, кээде: “Эк, жарыктык апам, кайдагынын баарын эле айта берсиз да”, – деп жактырбай туруп кетчү. Көрсө, эненин жүрөгү сезген тура.

Бая күнү таң эрте аттанып чыгып жатып да, атына жаңы эле камчы салган кезде үйдөн шашкалактап чуркап чыккан. Колунда кармаган кичинекей түйүнчөгү бар эле. Ошонусун булгалап:

– Ай, бала?! Ай?!. – деп бир топ жерге чейин чуркап келип, калып калган. «Апам кызык! – деп ойлогон татырактатып чаап кетип баратып. – Мени кичинекей баладай көрөт. Койнума түйүнчөк салгыдай, бала белем?»

Эми ошону эстеп ыйлады улан: «Байкуш апам… Азыр жанымда ошол түйүнчөгүң болсо эмне? Куудураган колдоруң менен кармаган, жакшы тилектериң менен камдаган, алакандарыңдын мээрими, жылуулугу өткөн түйүнчөк жанымда болсо эмне?.. Мага дем, кубат болбойт беле! Мени кечир, апакебай?! Айланып кетейин апакебай?! Кадырыңды билбегенимди, кечигип билип жатканымды кечир, апакебай?!. Үү-үү…” Жогору жактан кулдурап, таш кулады.

Оюнан ойгоно түштү Зумурат.

Ошого  удаа  эле  көз  алдына  Күнайымдын элеси келди. «Мен сенин дарыңды таптым. Мен барам сага! Сөзсүз барам! Сен болгону мени күт, чыда, Күн кыз!» — ушул ой анын өзүнө кайрат, кубат берди. Ичинде дайым: «Күн кыз» деп атаган кызды кайрылып барып көргүсү, кубанткысы, айыктырып алгысы келди. Анын ишенимине ушинтип кирип, анын кечиримин  ушинтип  алгысы,  сүйүүсүн билдирип, колун сурагысы келди. Андан кийин аны менен ошол үңкүрдүн ичинде өмүрү өткүчө күн кечирүүгө да кайыл. Иши кылып эле Күн кыз жанында болсо болду.

Мына бу, өзү асылып турган жала-ма асканын үстүнө чыкса эле жолу бир аз жеңилдей түшчүдөй сезилди. Шырылдап кум куюлду…Кум менен кошо агып кетчүдөй аскага бекем жабышып, көздөрүн жумду. Качан гана баары тынчыгандан кийин жогору ка-рап, көрүп турган көзүнө ишенип-ишенбей кетти. Боп-боз  тумандын  арасынан  ийрелеңдеп, өзүн карай салаңдап турган арканды көрдү!

Жүрөгү “болк!” этти. “Адамдар?! – мээ-сине дароо ушул ой келди.

– Кантип? Каяктан?! Же биздин балдардын бирөө-жарымы ушул жакта калып калганбы? Же артыбыздан издеп чыккандар барбы? О, Кудай?! Көрөр күнүм, ичер суум бар экен да?!” Ушул аркан аны ушул жерден сууруп алып, жер үстүнө чыгарып алып кетчүдөй жүрөгү дүкүлдөп кетти. “Күн кызчы? – деди бир ою.

–Дүрайым да күйүткө алдырып койду. Алар өлүп калышат…”

Жогору жактан бирөө-жарымдын үнүн, добушун уккусу келгендей, алда неге ишен-гиси келгендей кулак түрдү. Бирок анда санда гана кум-шагылдын шыгырап ку-юлганы болбосо, башка эч нерсе уга албады. Канча ирээт өзү да: “Ким бар?!” – деп сурагысы келип, бирок үн чыгарса эле ылдыйды карай зуулдап жөнөчүдөй сезилди.

Эми так төбөсүндө ийрелеңдеп турган арканды кармоо ага азаптын – азабы болду. Колун бошотсо эле кулачудай, адамдын үрөйүн учурган бийиктиктен көздөрү караңгылап кетти. “Токто! — деди өзүнө-өзү күч-кубат берип.

– Асканын боорунда канчага чыдайсың?! Аракет кыл! Ажалың жетсе, өлөрсүң. Болбосо, Кудайдын жазганын көрөрсүң!” «Азыр… – деди кайра өзүнө да, жогору жакка да жооп кылып.

– Азыр…»

Бир колун акырындан жылдыра баштады. Салмагы оорлой түшкөнгө бутунун алдындагы учтугуй, жалпак таканч бошой түштү. Томпулдаган майда таш ылдый жактан дагы бир топ ташты өзү менен кошо ала кеткендей курулдак-шурулдак көбөйүп барып жок болду. Антсе да аркан-ды кармап, акырын тартып көрдү. “Былк” эткен жок. Дагы катуураак тартты. Таман алдындагы таш упурап кулап, эми аркан-ды эки колдоп кармаган улан асканын бо-орунда салаңдап, илинип турду. «Эмне турушат, тартышса боло?!.» – оюна ушул келди.

– Тарткыла! – деди. Жооп болгон жок.

Бир жагынан ишеним, үмүт, бир жагынан баягыдан да катуу коркунуч каны менен айланып, күрөө тамырлары көөп, чыңалып чыкты. Асылып турган аркан солкулдап, бир аз ылдыйлай түшкөн сыяктанды. «Мени мазактап жатышабы?» — деди оюнда. Улам бир колун өйдө жылдырып, акырындап жыла баштады. Аркан токтогон жерден адегенде улан-дын  тарбаңдап  колу  чыкты.  Бирок   ал күткөндөй, колунан тартып алган бирөө-жарым болгон жок. Ошого удаа эле сороюп, баткакка чыланган башы көрүндү.

Бирок өзү боз үйдүн ордундай болгон түзөңдөн башка эч нерсе көрө алган жок. Акыркы күчүн жыйнап, кырга чыкты да, бир далайга чейин сулк жатты. Карышкан колдору жазылып, күйүккөнү басылгандан кийин гана жерден боор көтөрүп, колундагы аркандын бир учун издеди. Аркандын учу асканын астында экен.

Баары түшүнүктүү болду.

Чөгөлөп отура калып, ылайга чыланган арканды жеңинин учу менен сүргүлөп, жүзүнө жакын алып келип карады. Тааныды. Эриндери эмшеңдеп барып, эми эки ийнин солкулдатып, көпкө ыйлады.

– Досум-м?!. Биякта белең?!.

Жерден топурак уучтап, дөбөчөнүн үстүнө таштады.

(Уландысы бар)