«Мугалимдер акча сурай бергенинен заарканып, окугум келбей калды»

Айида НАДЫРБЕКОВА, «Кыргыз Туусу»


Жакында Бишкектеги №32 мектептин 9-классынын окуучусу мектепте болгон педагогикалык кеңештен чыккандан соң дайынсыз жоголуп, бактыга жараша үч күндөн кийин кайра үйүнө кайтып келди. Бул окуя бүтүндөй мектептердеги акча каражатын чогултууларга байланыштуу бир чындыктын бетин ачкандай болду. Ата-энелерден акча чогултуу көйгөйү, албетте, буга чейин деле көтөрүлүп келген. Бирок бул жолу бүтүндөй билим берүү системасында олуттуу өзгөрүү керек экендигин тастыктап койду.

Баланын окуусунун начарлап кетүүсүнүн себеби эмнеде болгон?

Биз сөз кылып жаткан мек-тептин окуучусу башында дилгир, жакшы окуган бала экен. 7-классында алдыңкы окуучулардын катарында болуп, класстын президенти болгон. Баланын үй-бүлөсүнүн турмуш шарты бул учурда дурусураак болгондуктан мектеп сураган акчаларды убагында төгүп турушчу. Бала 8-класска келгенден баштап үй-бүлөдө каржылык кыйынчылыктар баш-талып, кредит төлөй алышпай, оор абалга кептелген. Жашаганга үйү жок болгондуктан илгерки кирпич заводдун эскилиги жеткен имаратынын эки бөлмөсүнө кирип, жашап жатышат. Бул Булан институту берген маалыматтардан. Аталган институт ошондой эле “Айбектин (окуучунун аты өзгөртүлүп берилген) үйүнө кайтып келгенин угуп, классташ балдары кубанып түн ичинде ага учураш-каны келишти. Бул да болсо баланын классташтары арасындагы кадырын билдирет. Айбек Булан институтуна буларды билдирди: “Мен 7-класста жакшы окучумун, клас-стын президенти болчумун, мектеп сураган акчаларды калтырбай төкчүмүн. Бирок апам катуу ооруп, андан кийин кредит алып аны төлөй албай кыйналып калдык. Акча алып кел дешет, бизде акча жок болгондуктан бере албай жүрдүм. Ошондо мугалимдер мени классташтарымдын көзүнчө тургузуп алып урушуп, мен ошол акча сураган сайын за-арканып, ошондон качып, сабакка көңүлүм чаппай калды”, – деп маалымдайт.

Окуучунун айткандарынан көрүнүп тургандай, мектептеги мугалимдердин ар бир бала менен тыгыз мамиледе болуп, жеткиликтүү иш алып бара албагандыгынын натыйжасында бала курбуларынын алдында басынып, чүнчүп, акыры окуусу начарлап кеткен.

“Мен өзүм 2-топтогу майыпмын. Бул балам атасыз өстү, өзүм чоңойтуп келатам. Ушул нымдуу жатаканада жашап жатабыз. Арга жоктон бир ай мурда чоң балам менен кызым Россияга жумуш издеп кетишти. Колумда азыр төрт неберем бар. Ушул шартыбызды түшүнбөй класс жетекчиси мектепке акча бер деп кыйнайт, күзөтчүгө, пол жуугучка, мугалимдерге, ремонтко деп акча доолашат. Акча бере албай калсак, балама өчөшүп туруп алышты. Акыры окуу жаңы башталганына карабай, 26-октябрда педсовет өткөрүп туруп баламды мектептен чыгарып салышты. Жок дегенде эскертүү беришсе не?! Мектептеги акча чогултуулар деги токтобос болду. Улам бирине берсек, кайра улам бирдемеси чыгат” деген баланын апасы.

Бул маселеге байланыштуу Булан институту билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиевага, Бишкектин вице-мэри А.Рыскуловага, шаардык билим берүү баш-кармалыгынын жетекчиси С.Мейрмановага кайрылуу  жолдоп,  өзүнүн  эки  айлык изилдөөсүнө таянуу менен айрым мектептерде турмуш шартына байланыштуу акча бере албаган окуучуларга психологиялык басым жасаган учурлар бар экендигин билдирди.

Күнөө кимде? Директордобу же башкалардабы?

Окуучу бала табылып, анын апасынын дагы, мугалимдеринин дагы жүрөгү ылдыйлап калганда “мугалим өз өмүрүн кыюуга аракет кылды” деген маалымат чыкты. №32 мектептин директорунун орун басары Үпөл Сапарбаеванын “24kg” маалымат булагына берген билдирүүсүнө таянсак, 9-клас-стын окуучусунун окуудан чыгарылышына байланыштуу чырдан соң 38 жылдык тажрыйбасы бар, кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. “Буга чейин эч ким менен чатакташкан эмес. Мектепте чогулуш болгон күнү баланын классташтары мугалимдин үйүнө келип, баланын кайда экендигин сурап, дарбазасын тепкилеген. Мугалим тынчсызданып түнү бою уктабай чыгыптыр. Ага айтылган айыптоолор жана интернеттеги маалыматтардан кийин “эми кантип жашайм?” деп өзүн-өзү өлтүрүү аракетин жасаптыр. Эки жолу тез жардам чакырылыптыр”,– делет маалыматта.

Мугалим жана окуучу, классташ балдар-дын аракетинен улам кандай жыйынтыкка келсе болот? Албетте, окуя тиешелүү жактар тарабынан иликтенет. Бирок, акча чогултууга мугалим да, окуучу да кимдер тарабынан мажбурлангандыгы сокур кишиге деле маалым. 38 жылдык тажрыйбасы бар мугалим балким уятына чыдабай ошол кадамга бардыбы? Мыйзамсыз мажбурлоо менен акча чогултууга мугалим жеке өз демилгеси менен барбасы анык. Буга мектептин директору түздөн-түз жооп бериши керек. Катардагы мугалимдин жан кыюуга чейин барышы эле көп нерседен кабар берип тургандай.

Бул көйгөй бардык мектептерде бар

Мектепте уулу же кызы окуган кайсыл гана ата-эне болбосун мектеп администрациясы талап кылып, мажбурлап акча чогулта тургандыгын айтышат. Мектептин тегерегин курчоого, күзөтчүнүн айлыгына, пол жуугучтардын айлыгына, класстын терезесине парда алуу үчүн, балаты сатып алуу үчүн, айна-самынга, оңдоп-түзөө иштерине ж.б. деген чогултуулар көп. Алар бүтүп, эми окуу китептерин ижарага берүү маселеси көтөрүлө баштады. Бул дагы коомчулукта кызуу талкууга алынып жатат. Китептерди ижарага алып, баланы мектепте окутуу керек болсо, анда баланы жалпы билим берүүчү мектепте окутуунун кажети канчалык? Акча чогултуу менен билим берүүнүн кунары качып, мугалимдер түгүл, мектептердин кадыры түшүп турганда, эми балдардын билим башатын ача турган китептердин дагы кунарын  кетирүүнүн  кереги жок деген ойдобуз. Мындай жол келечекте акы төлөнүүчү мектептердин көбөйүүсүнө шарт түзөт. А бул болсо калктын төмөнкү катмарынын балдары окуй албай калат дегендик эмеспи.

Учурда ата-энелер эң аз дегенде айына 100 сомдон, болбосо 1000 сомдун тегерегинде мектепке беришет. Ал эми жылына оңдоп-түзөө иштерине өзүнчө акча чогултулат. Шаардагы кээ бир мектептерде мындай чогултуулар үчүн атайын дүмүрчөк кыркылып берилгендигин дагы көрүп жүрөбүз. Демек, мындай мектептерде чогултулган каражаттын канча экендиги жана кайсыл жакка жумшалып жаткандыгы так көрсөтүлөт деп ишенсе болот. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын 43-беренесинде “Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринин камкордук кеңештери өз эрки менен финансылык жана башка материалдык каражаттарды тарта алышат” деп жазылган. Камкордук кеңешке ата-эне өз эрки менен мүчө болуп, андан кийин колунан келген гана сумманы бериши керек. Мектеп жетекчилигинин же мугалимдердин мажбурлоого акысы жок. Ошол эле учурда майыптыгы барлар, аз камсыз болгондордон каражат топтоого мыйзам тыюу салат. Ал эми биз сөз кылып жаткан окуучунун апасы 2-топтогу майып жана атасы жок. Демек, мыйзам боюнча бул баладан акча алып келүүнү талап кылып, натыйжада баланы депрессияга алып келген мугалимдер жаза алышы керек. Бул көйгөй бир эле №32 мектепте эмес, бардык мектептерде бар. Муну Билим берүү жана илим министрлиги кылдат иликтеп чыгышы зарыл. Конституцияда бекер билим алууга кепилдик берилгенине карабастан жогорудагыдай акча чогултуу маселесине байланыштуу көйгөйлөр арбын.