Каракол унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады

Жети-Өгүз – Каракол унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 7-ноябрда болжол менен саат 19:30 чамасында Жети-Өгүз – Каракол унаа жолунун 12-чакырымында катталган.

“Эки жеңил унаа кагыылшкан жерге ӨКМдин куткаруучулары барышкан. Кырсыктын кесепетинен Мерседес унаасындагы 4 адам жабыркаган. Жабыркагандарды тез жардам кызматы облустук ооруканага алып кетишкен”,-деп айтылат маалыматта.

Булак: «Кабар»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *