Айбек АИЛЧИЕВ:  «Мамлекет бул мен, сен, ал!»

Маектешкен Эрнис БАЛБАКОВ, «Кыргыз Туусу»


Кезектеги коногубуз Айбек Аилчиев. Өз киндигин өзү кескен, бычакка сап болчу кыргыздын тың жигиттеринин бири. Бир канча жогорку билимдин ээси. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүрүп, андан аркы билимин Кытайдан уланткан. Күнөстүү Кытайда он эки жыл билим алып, алгачкы ишкерлигин ал жердеги ири шаарларда баштаган. Учурда эл аралык консалтинг компаниянын мүдүрү, саясат жаатында серепчи. Акыркы учурда социалдык тармактарда жазган пикирлери коомчулуктун назарына илинип жаткандыктан, бүгүн атайын маек уюштуруп, күндөлүк актуалдуу маселелер боюнча пикирин уктук.

Жаңы болуп өткөн президенттик шайлоо боюнча

– Кыргызстандын жаңы жыйырма алты жылдык тарыхында КМШ мамлекеттерин эле эмес жалпы коомчулукту таң калтырып келет. Биз муну менен сыймыктанабыз. 1990-жылдагы эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин алгач “Демократия аралчасы” аталдык.

Өлкөдө рынок экономикасына өтүү процесси кыйынчылыктарды туудурганы менен жеке менчик, либералдык экономи-ка, рынок деген капитализмдин айныгыс түшүнүктөрүн ырааттуу басып өттүк. КМШ мамлекеттер арасында жаңычыл көз карашты тутунуу, демократиялык баалуулуктарды алга сүрөө, сөз эркиндиги жагынан азыр алардан ат чабым алдыдабыз. Ал тургай санариптик байланыш, электрондук башкаруу системасында да КМШда бирин-чибиз. Бул жакшы жөрөлгө. Ал эми шайлоо боюнча айтсак Кыргызстан бир эмес бир канча жергиликтүү кеңештерге, Жогорку Кеңешке, жалпысынан президент-тик шайлоону жыйырма алты жылда сегиз жолу өткөрүп, бул жаатта жетишерлик тажырыйба топтодук. Акыркы президенттик шайлоону ала турган болсок эл аралык уюмдар, КМШ мамлекеттеринен келген байкоочулар эң жогорку денгээлде баа бе-рип, бизден үйрөнө турган процедуралар көп экенин айтып кетишти. Электрондук добуш берүү системасы эч бир ресурска баш бербеген таза шайлоо экенине көз жетти. Жаңы президентибиз Сооронбай Шариповичтин жеңиши таза, акыйкат жеңиш. Ириде шайлоону таза, ачык өткөрүп бергендиги үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдиришибиз керек.

Президент Алмазбек Атамбаев боюнча

– Кыргызстан бүгүнкү жетишкендиктерге жөн жерден эле келе калган жок. Башыбыздан эки революция өттү. Бийлик алмашуу процессинде катаал жолду башыбыздан кечирдик. Президенттик башкаруу формасындагы алашемдиктерди көрүп туруп, Орто Азия боюнча дагы деле биринчи болуп парламенттик-президенттик башкаруу формасын кабыл алдык. Көчө оппозициясы расмий түрдө парламентке келип, алар азыр кадимкидей күчкө, мандатка ээ. Ушул жакшы саамалыктардын баары Президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин эмгеги. Мындан эки-үч ай мурун эле Россия-лык, Казакстандык, Өзбекстандык, ал тургай Европа мамлекеттеринин айрым саясий эксперттери “Алмазбек Атамбаев президенттиктен кетпейт. Тегерегиндеги авторитардык мамлекет жетекчилери Атамбаевди бийликке алып калууга кызыктар” деген пикирлерин байма бай билдирип келишкен. Андай болгон жок. Эң биринчи Алмазбек Атамбаев баш мыйзамды сыйлап, эл алдында, жалпы коомчулук алдында өзү айтып келген таза шайлоону өткөрүп берип туруп анан, бийликтен кетип жатат. Ал эми президенттик башкаруу учурунда Алмазбек Атамбаев кыйын кырдаалда бийликке келип, өлкөнүн экономикасын жөнгө сала алды. Жалпы мамлекет ичиндеги туруктуулукту орнотту.

Регионалдык,  аймактык  бөлүнүүгө бөгөт койду. Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун салынышы экономикага эле эмес, элдин саясий-социалдык, ал тургай руханий алака катышын бекемдейт. Акаев, Бакиев учурунда коңшу мамлекеттерге көз карандылык болуп, бир туруп нефтиге, газга, жарыкка муктаж болуп келгенбиз. “Датка – Кемин” электр чордону ишке киргени коңшу мамлекеттер көз каранды кылуу рычагынан айрылды. Газга, нефтиге болгон жоопкерчиликти Россиялык стратегиялык өнөктөштөрүбүз моюнуна алды. Демек, биз Атамбаевдик башкаруу системасында толук көз карандысыз, коңшуларга тең ата мамлекет болдук. Атамбаев тарыхий ордун ала турчу мезгил келе элек. Бир учурларда азыркы президентибиздин кылган иш аракеттери, өлкөгө жасаган эмгеги коом алдында жогорку баасын алат.

Жаңы шайланган Президент Сооронбай Жээнбеков боюнча

– Сооронбай Шариповичтин басып өткөн эмгек жолу жалпыбызга үлгү болушу керек. Элеттен чыгып, билим алып кайра эмгек жолун элеттен баштаган инсан республикалык масштаб-дагы жетекчи, чоң калибрдеги саясий ишмер болуп чыга келди. Мугалим, зоотехник, айыл өкмөт башчысы, депутат, Жогорку Кеңештеги белдүү комитет башчысынын алгач орун басары, төрагасы, министр, губернатор, Кадр кызматынын жетекчиси, президенттик администрация башчысынын орун басары, өкмөт башчысы. Байкаган адамга элеттен эмгек жолун баштап, ар бир тепкичти басып өтүү менен мамлекет жетекчилигине келип отурат. Биздин коомдо пайда болгон “акчалуу адам гана бийликке ээ болот же болбосо кайсы бир сырткы күчтөрдүн колдоосу” деген стреотипти жокко чыгарып, ак эмгек, талыкпаган мээнет менен эл алдында ак кыз-мат кылып, жогорку бийликке келсе болот экен деген түшүнүктү калыптандырды. Мен Сооронбай Шариповичке болгон сыпатымдын өзгөчөлүгү ушунча жыл бийликтин бардык тепкичтерин басып өтүү жолунда бир да коррупциялык элементтерге чалдыкпаганы сыймыктандырат. Таза адамды биз таза деп айткандан эч качан тартынбашыбыз керек. Жеке Сооронбай Шариповичтин феноменинде кийинки жаштар, маселен биз коомго, элге таза иштеп үлгү көргөзүү түшүнүгүн сиңиришибиз зарыл. Ак эмгектин акыбети деп дал ушул бийик жоопкерчиликти айтат. Албетте президенттик шайлоо алдында бир эмес бир канча талапкерлер арасынан кызматташуу сунушу түштү. Бардык талапкерлердин табиятын байкап, анализдеп туруп жалпы командабыз менен Сооронбай Шариповичке көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алып, колдон кел-ген жардамыбызды көргөздүк.

Оппозиция боюнча

– Коом алдыга жылуу үчүн сөзсүз түрдө оппозиция керек. Оппозициясы жок коом сенектикке, орусча айтканда застойго кирип кетет. Муну тарых бир эмес бир нече ирет далилдеген. Коомдун туруктуулугундагы жакшы бир жетишкендигибиз көчө оппозициясынан парламенттеги мыйзамдуу, мандаттуу оппозиция пайда болуп, полемиканын жаңы тепкичтеги үлгүсү жаралды. Бир гана мисал оппозициялык фракция лидери президенттик таймашта эки облустан алдыңкы көрсөткүчкө жетишти. Парламент трибунасында программаларын, өкмөткө болгон оппозициялык көз караштарын ачык билдирип жатат. КМШ мамлекеттеринин биринде да мындай саясий жетишкендик, коомдук баланс жок.

Чек ара жана экономика боюнча

– Өлкөнүн  реалдуу  секторуна жаңы муундагы мамлекеттик кызматкерлердин тартылышы биздин коомдун прогресси. Азыр көз караш, коомдук өнүгүү, технологиялык байланыш, маалыматтык динамика бизден бир эле учурда билимди, натыйжалуулукту, ыкчамдыкты талап кылат. Дүйнө коомчулугу ушундай тездикте өнүгүп жаткандыктан биз да аны кубалашыбыз керек. СССРден  калган  тажатма  чогулуштар, бюрократиялык башкаруу мамлекеттин өнүгүү ыргагын басаңдатат. Бактыга жараша азыркы технократтарыбыз андайга жол бербейт деп ойлойм. Туура, учурда Казакстан–Кыргызстан чек арасында көйгөй бар. Бирок, утурумдук. Кыргызстан тоолуу, географиялык жайгашуусу автоунаа жолдоруна гана көз каранды, деңиз порту жок чакан өлкө. Ушул шартта биздин стратегиялык өнөктөш мамлекеттер менен бирдикте ЕврАзЭБке кирүүбүз ойлонулган, туура кадам болгон. Себеби, негизги стратегия лык багыт айыл чарбасына байланышкан өлкө катары биздин продукцияны экспорттоого 170 млн. калкы бар рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар болгон. Мен бир нерсени баса айтам. ЕврАзЭБ жакшы, анын процедураларында алашемдиктер бар. Мен буга чейин ЖМКда, социалдык түйүндөрдө айтып, жазып келгендей биз үчүн кошумча рынок издөө зарылчылыгы бар. Алар Өзбекстан, Кытай, айрым бир товар түрлөрүндө Тажикстан. Маселе башкада. Биз экспорт кыла турчу продукцияларды келишим түзгөн тарапка жетиштүү көлөмдө чыгара албайбыз. Ага биздин мүмкүнчүлүк чектелүү. Азыркы кыргыз-казак чек арасындагы маселеге чейинки эле көйгөйлөрдүн четин айта турган болсок 5 КАМАЗ картошка, 3 КАМАЗ жашылча жемиш, 5 тонна сүт өткөрө албай калса эле “биздин товар өтпөй калды, бул экономикалык катастрофа” деп кыйкыра беребиз. Андай эмес. Бир гана мисал. Кыргызстан жылына 1 млн. 200 миң тонна картошка айдайт. Анын 800 миң тоннасын өзүбүз керектейбиз. 400 миң тонна сыртка чыгат. Бул көрсөткүч коңшу мамлекеттердин бир облусунун керектөөсүнө да жетпейт. Эң көп түшүм алынган картошканын абалы ушул, анан айыл чарба азык-түлүктөрүнүн башка түрүн кантип айтабыз. Биздин сүт продукцияларыбыз деле коңшу мамлекеттердин чек арага чектеш аймактарына гана тарайт. Андан ары кетпейт. ЕврАзЭБке мүчө мамлекеттердин борбору болгон Астанада, Москвада, Минскиде, Ереванда мен кыргыз сүтүн көрө алган жокмун. Биз реалдуу көрүнүштү эске алышыбыз керек. Айыл чарба азык-түлүктөрүн экспортоодо мен эки сунуш киргизем. Бул жашыл экономика жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү. Жашыл экономика түшүнүгү азыр дүйнө жүзү боюнча актуалдуу. Мында санга эмес сапатка көңүл бөлүнөт. Экологиялык таза продукция өндүрүү менен биз эки эсе көп киреше табабыз жана аны өткөрүүдө маселе анчейин эмес. Ага ар дайым суроо талап күч.

Кайра иштетүү тармагын айта турган болсок, маселен бир кило өрүктүн баасы 40 сом. Аны ширеге айлантып сатуу эки эсе пайда алып келет. Мындан мамлекет эбегейсиз утушка ээ болот. Эң биринчи кайра иштетүү менен жумушчу орундарды түзөбүз, жергиликтүү башкаруу органдарына салык түшөт. Негизгиси кайра иштетилген сапаттуу продукциянын сактоо мөөнөтү да узарат. Биздин мамлекет дал ушул демилгени колго алуусу зарыл. Мын-дан тышкары менин жеке бир канча сунуш пикирлерим, долбоорлорум бар. Аны учу-ру келгенде дагы айтабыз. Эн негизгиси мамлекетибиз өнүксүн, тынчтык болсун. Мамлекет деген бул абстракттуу түшүнүктө МЕН, СЕН, АЛ!