9-ноябрга карата аба ырайы

9-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болушу мүмкүн, Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;

Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…20;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…12;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5;

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3 …5°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17°.

Булак: Кыргыгидромет