Сапар Исаков өзүнө чет жактан билим алган дагы бир кеңешчи дайындады

Мурад Омоев премьер-министр Сапар Исаковдун дагы бир кеңешчиси болуп дайындалганын өкмөт башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Омоев 1979-жылы Токмок шаарында туулган.

«1999-жылы АКШнын Айова штатындагы Graceland College окуу жайынан экономика боюнча билим алып, 2004-жылы Нью-Йорктогу Колумбия университетинин магистратура бөлүмүнөн окуусун улаган. Ал ортодо бир нече эл аралык долбоорлордо эмгектенген», — деп айтылат билдирүүдө.

Дүйнөлүк банктагы алты айлык тажрыйба алуудан кийин Вашингтондогу Эл аралык валюта фондусунун департаментинде кенже илимий кызматкер катары иштей баштаган. 2012-жылдан бери ошол эле департаментте экономист катары эмгектенип келет.

Фискалдык саясаттын экономикалык өсүшкө тийгизген таасири тууралуу изилдөөлөрү үчүн Эл аралык валюта фондусунун сыйлыгына ээ болгон.

Булак: Спутник