Икрамов: мектептердеги акча чогултуу чектен ашты

Мектептердеги акча чогултуу чектен ашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Эске сала кетсек, борбор калаадагы №32 мектептин 9-класстагы окуучусу дайынсыз жоголуп, үч күндөн кийин табылган.

«Баш мыйзамда мектепте окуу акысыз экени жазылганы менен иш жүзүндө башкача болуп жатат. Бишкектеги №32 мектептин окуучусу дайынсыз кетип, үч күндөн кийин табылган. Ал мектеп директору менен класс жетекчиси акча алып келбейсиң деп басынтканын айткан. Мектеп жамаатына доо койгум келбейт, бирок акча чогултуу чектен ашып жатат», — деди Икрамов.

Эл өкүлү бул көрүнүшкө чекит коюу керек экендигин кошумчалады.

Булак: Спутник