Наристелерде не күнөө?

Бактыгүл МУНДУЗОВА, «Кыргыз Туусу» 


Жакында “Балдар арасындагы өлүмдүн деңгээли жана тенденциялары–2017” аттуу жаңы глобалдык отчет жарыяланды. Отчётту БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Бүткүл дүйнөлүк банк жана UNDESA БУУнун Калкты жайгаштыруу бөлүмү биргелешип даярдашты. Ага ылайык, дүйнө жүзү боюнча күн сайын беш жашка чейинки курактагы 15 000 бала көз жумат. Алардын ичинен 2016-жылдагы маалыматтар боюнча 46% — 7 000 ымыркайлар жашоосунун алгачкы 28 күнүндө чарчап калышат.

Оң жылыш бар он жыл

Кыргызстан  балдар  арасындагы өлүм санын үчтөн экиге кыскартуу боюнча “миң жылдыктын өнүгүү мак-саттарына” жеткен дүйнөдөгү 62 өлкөнүн бири болуп эсептелет”, – деп белгиледи БУУнун  Балдар  фондунун  (ЮНИСЕФ)өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун баса-ры Мунир Мамедзаде. “Мисалы, Жапон Өкмөтүнүн, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен сегиз оорукана өзүнүн төрөт жана балдар бөлүмдөрүнүн инфраструктурасын оңдоп алды. Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы балдарга алгачкы жана квалификациялуу реанимациялык жардам көрсөтүү боюнча 700дөн ашуун медициналык адис окуудан өттү”, – дейт ал.

Ошентсе да…

Ымыркайлардын жашоого келген алгачкы айы, өлүм тобокелдиги эң жогору болгон мезгил. 2016-жылы глобалдык деңгээлде: төрөлгөн 1000 ымыркайдын 19у чарчап калган. Бир айдан көбүрөөк, бирок бир жашка толо элек балдар арасында өлүм деңгээли: бир айлык 1000 баланын 12си көз жумган. 1 жаштан 4 жашка чейинки курактагы балдар өлүмүнүн деңгээли: бир жаштагы 1000 баланын 11и көз жумган. 5 жашка толо элек балдар өлүмүнүн жалпы көрсөткүчү: аман төрөлгөн 1000 баланын 41и көз жумган.

Ымыркайлар арасында өлүм деңгээли да, 5 жашка толо элек балдардын өлүмүнүн үлүшү да көбөйүүдө. Дүйнө коомчулугу чу-кул чараларды көрбөсө, мындай тенденция улана берери болжолдонууда.

Себеби эмнеде?

Ымыркайлардын көбү ара төрөттүн кесепеттеринен  же  төрөт  маалында,  ошондой  эле  сепсис,  өпкөгө суук  тийүүдөн,  талма  жана  ич  өткөк өңдүү  жугуштуу  оорулардын  натыйжа-сында  жарык  дүйнө  менен  кош  айтышууда.

2016-жылы  беш  жашка  толо  элек балдардын өлүмүнүн негизги себептери төмөнкүлөр болду: ара төрөлгөндөн кий-ин абалы начарлап кетүү (18%), өпкөгө суук  тийгенден  улам  (16%),  интрана-талдык оорлошуу (12%), ич өткөк (8%), неонаталдык  сепсис  (7%)  жана  безгек оорусу (5%).