“Манас Жаңырыгы” ТРКнын алып баруучусу, ди-джейи Мээрим АНАРБЕКОВА: «Биздин кесипте дайыма изденүү талабы жогору турат»

– Мээрим, журналистика тармагын тандооңузга эмне таасир берди?

– Кичинемден эле теле-радио тармагына көбүрөөк маани берип, ар кандай уктурууларга, программаларга кызыгуум артчу. Эл менен пикир алмашып, маек курууну, коомдук иштерге активдүү катышууну бала күнүмдөн эле жактырар элем. Ата-энем деле чыгармачылык чөйрөдөн алыс адамдар. Мындан чоң энем абдан сөзмөр, ой-туюму, дүйнө таанымы кенен, ыр чыгара койгон чечен болсо, чоң атам, таята-таэнемдер да мындай чечендик өнөрдөн артта калбаптыр. Мага алардын таасири да тийсе керек. 9-классымдан тарта радио тармагына көбүрөөк кызыгуум артып, ата-энеме кесип тандоом боюнча ой бөлүштүм. Апам башында журналисттик иштин кооптуу жактары бар экендигин айтып, каршы болду. Каалоом, өжөрлүгүм күчтүү болгондуктан, ата-энем да макул болду. Журналистика бөлүмүн ийгиликтүү аяктадым.  Азыркы  тапта  билимимди андан ары улантып, магистратурада окуйм. Учурда “Манас Жаңырыгы” телерадио корпорациясында эмгектенип жатам.

–  Кайсы  уктурууларды, көрсөтүүлөрдү алып барып жатасыз?

–  2-курста  окуп  жатканда “Манас Жаңырыгы” ТРКга практикага келгем. Өз ишинин устаты болгон корпорациянын директору Темирбек Токтогазиев агайдан тарта башка мыкты кесиптештерим мага жаңы келген күндөн тарта кеп-кеңештерин айтып, багыт көрсөтүп, дем берди. Бул аралыкта көп нерсени үйрөндүм. Ошондон бери өз аракетимди көрсөтүп, иштеп келе жатам. 2017-жылдан тарта телекөрсөтүүгө өзүмдүн “Кесипкөй” деген автордук программам менен чыгууну максат кылдым. Программанын концепциясын түзүп чыгып, директорго сунуштасам, кол-доо менен кабыл алды. Азыр ал көрсөтүү берилип жатат. Бул ко-мандалык иш, ошол үчүн жетекчиликтин жана жалпы кесиптештеримдин колдоосу да программаны даярдоодо мага чоң күч берет. Ал эми радиодо “Кыргыз керемети”, “Театр ааламында”, “Асылзат” жана эртең мененки “Таң деми” деген программаларды алып барам. Буюрса, алдыда дагы аткара тур-ган жаңы ой-пикирлер, демилгелер бар.

– “Кесипкөй” теле программасынын эң башкы максаты эмне?

– Өз кесибин баалап-барктап, үзүрлүү  эмгектенип  жаткан  инсандардын кесипкөйлүгүн теория жагынан  эле  эмес,  иш  жүзүндө көрсөтүп, ачып берүү. Каарманыбыз иштеп жаткан маалында барып тартабыз. Ар бир кесиптин өзгөчөлүгү менен кыйынчылыгын, кубанычы менен түйшүгүн чагылдырып, жаштарга кесип тандоодо багыт берүүгө аракет жасайбыз. Экинчи жагы, азыр мамлекеттик иштерде эмгек-тенген кызматкерлердин айлыгы аз. Алардын көңүлүн көтөрүп, ишине стимул берүүнү да көздөйбүз. Бул көрсөтүү дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү эфирге чыгат.

– Ал эми “Манас Жаңырыгы” радиосунда угармандардын кызыгуусун арттырган кандай уктуруулар бар?

– Радиодо “Таң деми” уктуруусу бар. Анда ар кандай оюндар уюштурулат жана пайдалуу кеңештер, кызыктуу маалыматтар камтылган.  “Күн  жаңылыгы”  рубрикасында кызыктуу жаңылыктар менен бөлүшсөк, “Инста таймда” шоу бизнес тармагындагы белгилүү инсандардын баракчаларына саякат жасайбыз. Эң негизгиси, угармандарыбыз үчүн жакшы музыка тандоого да көңүл бурабыз.

“Манас жаңырыгы” радиосун мектеп окуучуларынан тарта карыяларга чейин уга алат. “Өчпөс обон” деген рубрикабызда залкарлардын ыр-күүлөрү жаңырат. Ал эми мектеп окуучуларына ылайык “Акылман” программасы бар. Угармандар үчүн мындан башка да бир катар пайдалуу уктуруулар радиодо жаңырат.

Негизинен теле менен радионун багыты бир. Манас атабыздын атын алып жүргөндүктөн, биз ошого татыктуу иштөөгө аракет кылабыз. Социалдык, саясий багыттагы “Эркин микрофон” деген программабыз орун алган. Анда ар кандай көйгөйлүү, олуттуу маселелер талкууланат.

– Кесибиңиз сизге кандай пайдалуу  жактарын  тийгизет?

– Ар кыл кесиптеги инсандар менен  таанышып,  баарлашууга мүмкүнчүлүк болот. Алардын жакшы сапаттарын үлгү катары кабыл алууга аракет кылам.

Адели БЕРДИБАЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *