Сот реформасында эл аралык тажрыйбалардын мааниси чоң

Жакында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын 12-жыйыны болуп өттү. Ага ишине Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикистан, Өзбекстан жана Кыргызстандан делегациялары катышты. Сегиз мамлекеттин башын бириктирген жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева сөз сүйлөп, өлкөдө жүрүп жактан сот тутумундагы реформаларга токтолду. Жыйындын жүрүшү, максаты жана келечекке бекитилген билдирүүлөр туурасында Айнаш Токбаева менен маектештик.

–  Эл   аралык   абройлуу Шанхай   кызматташтык уюмунун алкагында өткөрүлгөн  жыйында  кайсыл өзөктүү маселелерге көңүл бурулду?

– Жогорку сотторунун төрагаларынын жыйынына буга чейин Казакстан,  Россия,  Тажикистан, Өзбекстан, Кытай жана Кыргыз-стандын өкүлдөрү катышкан болсо, бул жолу алгач ирет Индия менен Пакистан кошулушту. Жыйындын жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп кетким келет. Өзбекстандык кесиптештер  жакшы   даярдык көрүшкөнү байкалып турду.

Жыйында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын камсыздоо боюнча кызматташтыкты мындан ары да активдештирүү, сот тутумун реформалоонун келечеги жана инвестицияларды коргоонун механизмдерин өздөштүрүү, ошондой эле террористтик жана экстримисттик агымдардан жаштарды коргоо багытындагы актуалдуу  маселелер  талкууланды. Жыйында  ар   бир  мамлекеттин Жогорку сотторунун төрагаларына атайын убакыт бөлүнүп, ар бири өз өлкөсүндөгү сот тутумунда жүрүп жаткан маселелер туурасында кеңири айтып беришти. Жал-пысынан алганда, сот тутумунун көйгөйлөрү бул өлкөлөрдө окшош экенин байкоого болот.

– Сиздин баяндамаңызда кандай өзөктүү маселелер көтөрүлдү?

–  Кыргызстанда  сот   тутумун реформалоонун жаңы этабы 2010-жылы жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин башталды. Сот бийлигинин көз карандысыздыгына байланышкан маанилүү кадамдар жасалды. Ага улай соттордун ишмердүүлүгүн мыйзамдык негизде бир калыпка салуу боюнча масштабдуу иштер болду. Сот тутумунун реформалоонун алкагында 2012-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы кабыл алынды. Жапыга маалым болгондой, сынактык негизде судьялар тандалып, судьялар корпусу 70 пайызга жакын кесипкөй адистер ме-нен толукталды. Айта кетсем, КР Президентине караштуу Сот тутумун реформалоо боюнча кеңеш түзүлгөн. Анын курамына Парламенттеги фракциялардын жетекчилери, сот жана аткаруу бийлигинин, укук   боюнча  адистер,   юрист-илимпоздор жана жарандык коомдун өкүлдөрү киришкен. Кеңештин башкы максаты – приоритеттүү маселелер   боюнча   бирдиктүү иш алып баруу. Тиешелүү кодекс жана   мыйзамдар   кабыл   алынып, айрымдары күчүнө кирип, практикада   колдонулуп   жатат. Жыйында  сүйлөгөн  сөзүмдө өлкөбүздө ушул жана башка да жүрүп жаткан реформалар боюнча айтып бердим.

–  Жыйын   алдында   Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Козимжан  Камилов  менен жолугушууда кандай маселелер талкууланды?

– Козимжан Камилов Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагалыгына жакында дайындалды. Андыктан Кыргызстандын Жогорку сотунун жамаатынын жана өзүмдүн атымдан аны кызматка киришүүсү менен куттуктадым. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттары жана сот тутумундагы жаңы кадамдар туурасында сөз болду. Ошондой эле Козимжан Камилов өз өлкөсүндө жүрүп жаткан реформалардын натыйжалары туурасында ой бөлүштү. Жыйынтыгында, албетте, эки тарап мындан ары кызматташууга даяр экендигибизди билдирдик.

–  Негизи  уюмдун  ордун кандай көрөрсүз?

– Эл аралык укуктук нормаларды сактоодо жана соттордун практикасындагы бирдиктүү принциптерди колдонууда ошондой эле кызматташтыкты бекемдөөдө Шанхай кызматташтык уюмунун Жогорку сотторунун төрагаларынын жыйынынын маңызы чоң. Анткени, бул иш-чара сот тармагында диалог түзүп, маселелерди кеңири талкуулоого көпүрө болот. Башка өлкөлөрдүн сот системасы менен жакындан таанышып, кайсыл өлкөдө кандай мыйзамдык базалар практикада ийгиликтүү колдонулуп жатканын, кайсынысын өзүбүздүн тажрыйбабызга колдонууга болорун билүүгө шарт түзүлдү. Бул багытта пикир алышууга да мүмкүнчүлүк  жаралды.  Жыйын абдан жемиштүү өттү. Ар бири-биз өз ойлорубузду ортого салдык, жыйынтыгында бардык талкууланган маселелерди камтыган кызматташуу боюнча билдирүүгө кол койдук.

–  Жыйындын   алкагында дагы кандай иш-чаралар өттү?

– Бир катар маданий програм-маларга катыштык. Сегиз мамлекеттен келген делегация өкүлдөрү Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун музейи менен таанышып чыктык. Андагы экспозицияларда Бухара, Хорезм жана Кокон хандыктары, Амир Темир бийлиги доорлорундагы, Орус падышачылыгы жана Советтер Союзу тушундагы сот тутумунун тарыхы чагылдырылган. Ошондой эле музейде Өзбекстандын көз каран-дысыздыкты алган жылдарынан бери келе жаткан фотодокументтер жана эл аралык кызматташуу алкагында өнөктөштөр менен чогуу өткөргөн иш-чаралар чагылдырылган сүрөттөр орун алыптыр. Албетте, атайын китепчеге  ар   бирибиз  жакшы каалоо тилектерибизди калтырдык.

Ошондой эле Алишер Навои атындагы Өзбек мамлекеттик академиялык чоң театрынан “Томи-рис” спектаклин көрдүк. Мындан сырткары, Самарканд шаарына ылдам жүрүүчү поезд менен ба-рып “Хазрати Хизр” комплексинде болуп, Өзбекстандын биринчи Президенти И.А. Каримовдун жаркын элесине куран окутуп, гүл коюп, андан ары “Амир Тимур” мовзолейин көрүп чыктык. Аягында И.Каримов атындагы Илимий-агартуу мемориалдык комплекси менен тааныштык.

С.ОРОЗОБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *