Айылдык жазуучунун ааламга сапары

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Жазуучу жана акын Чынтемир Аскаровдун “Табылга”, “Сагындым сени ыр дүйнө”, “Кайрадан жашарган аял” китептери жарык көрдү.

Чынтемир  Аскаров 1940-жылы Кара-Буура районунун Суулуу-Маймак айылында  төрөлгөн.  1968-жылы Кыргыз  мамлекеттик  университетин журналистика адистиги боюнча аяктап, эмгек жолун Киров райондук “Октябрь таңы” гезитинен баштаган. Анан облустук “Ленин туусу” гезитинде бир жыл иштеген соң, өмүрүн мугалимдик кесипке арнайт.

Дүйнөлүк  адабиятта,  анын ичинде орус адабиятында өз тагдырын айыл жана адабият менен байланыштырган жазуучулар көп. Айталы, Михаил Шолохов өмүр бою Дон суусунун жээгиндеги айылда жашап, өзүнө дүйнөлүк атак-даңкты апкелди. Орустун дагы бир таланттуу жазуучусу Валентин Распутин өмүр бою Сибирде жашап, адабиятта “Айыл аңгемелери” менен калды. Жазуучу Виктор Астафьев өмүр бою Енисейдин (Эне-сай) жээгин таштап кеткен эмес. Бирок, анын чыгармалары дүйнөнү аралап кетти. Кыргыз адабиятында айылда жашап, ааламга жол салган адабий ысымдар аз эмес. Жазуучу Аман Саспаев, Орозобек Айтымбетов Көлдө жашап жазышса, акын Өмүркул Кулумбаев өмүр бою оору менен, ыр менен алышып Нарында жашады. Ак-Талаада акын Өмүрбек Дөлөев, Жумгалда акындар Эркалы Өскөналиев, Дайырбек Стантегин, Лейлекте акын Айдарали Жапаров, жазуучу Нооман Сайдуллаев, Алайда Муса Сапаев, Чаткалда Самүдүн Стамбеков, Таласта Анасбек Жумалиев… Айтор бул тизмени созо берсе болот. Жазуучу Чынтемир Аскаров мына ошол айылдык таланттардын катарын толуктайт.

Ч.Аскаровдун “Эне бактысы”, “Ата Журт”, “Айылдын сонун кечтери”, “Сагындым сени ыр дүйнө” ыр жыйнактары авторду окурман-дарга акын катары таанытса, “Сүйүү баяны”, “Белгисиз кыздын махабаты”, “Атаман уурулардын тагдыры”, “Боксёр”, “Кайрадан жашарган аял”, “Табылга” аттуу прозалык чыгармалары аны жазуучу катары таанымал кылды.

Жазуучунун “Айылдын сонун кечтери” китебинин негизги каармандары — айылда жашап жана эмгектенип жаткан түркүн ке-сиптин ээлери. Акын айылда жашап айылдын турмушун жакшы билгендиктен эмгек адамдары жөнүндө ыр жаратып, алардын образын эргүү менен бере алган. Ошондой эле мекен, табият, махабат жөнүндөгү лирикалары да эч кимди кайдыгер калтырбайт. Ал эми “Атаман уурулардын тагдыры” повестинде ата-эненин тарбиясын көрбөгөн жаш баланын уурулук жолуна кандайча түшүп, аягы оор трагедия менен бүткөнүн автор ишенимдүү бере алган. “Кайдасың менин Бегимайым” аттуу чакан аңгемеде биринчи тунук сүйүү, биринчи жоготуу тууралуу баяндалса, “Тукайдын туңгуч махабатында” Тукай деген жигиттин Ая аттуу кызга биринчи тунук сүйүүсү жөнүндө айтылган. Аянын кызганычы алардын ортосундагы махабатты аз жерден жоготууга жеткирип коё жаздайт. “Белгисиз кыздын махабатында” мектептин окуучу кызынын мугалим жигитке болгон сүйүү сезими, алгачкы ууз махабат темасы козголот. Чыгармада өспүрүм куракка мүнөздүү кызганыч, чочулоо, жаңылыштык, жаштыкка мастык сыяктуу сезимдер күрөшү камтылган. Ч.Аскаровдун “Кечиккен ырларында” соңку базар экономикасы аталган жыйырма жылдыктагы айыл турмушу, адамдар алакасы, аң-сезимдеги өзгөрүүлөр, майып жигиттин махабаты көркөм баяндалат.

Айтор, Ч.Аскаровдун кайсы гана чыгармасын албайлы, андан айылдын илеби уруп, жыты жыттанып турат. Айылда жашаса да, колунан калемин түшүрбөгөн Чынтемир Аскаровго чыгармачылык изденүүлөрдү каалайбыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *