Жээнбеков Европа биримдигинин жогорку өкүлү Могерини менен жолукту

Сооронбай Жээнбеков Европа биримдигинин жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушкандыгын жаңы шайланган президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ал Федерика Могеринини «Достук» орденин алышы менен куттуктап, бул кыргыз тараптын Европа биримдигине демократияны жана парламентаризмди бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ызраазычылыгы экенин айтты.

«Жаңы шайланган президент катары Кыргызстандын Европа биримдиги менен кызматташуусун мындан дагы жакшыртууга аракет кылам. Келечектеги биргелешкен иштерибиз чоң жемишин берет деп ишенем», — деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал өткөн шайлоодо президенттик жана парламенттик башкаруу идеяларынын күрөшү болуп, парламенттик башкаруу идеясы жеңип чыкканын кошумчалады.

Булак: Спутник

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *