Токтайым Үмөталиева жыйын курду

Президенттик шайлоодо айымдардын арасынан суурулуп чыгып, өз талапкерлигин койгон Токтайым Үмөталиева  өткөн аптада бир катар эксперт-серепчилердин, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн башын бириктирип, чай үстүндө шайлоо жана анын таасири, Кыргызстандын келечеги, чек ара боюнча жаралган көйгөйлөр, тышкы жана ички саясий коркунучтар туурасында талкуу өткөрдү.

Талкуунун жүрүшүндө расмий түрдө жарыяланган шайлоонун жыйынтыгы, жана анын жыйынтыгын таануу боюнча шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсүнүн 9зу жыйынга келип, экөөсү белгисиз себептер менен келбей калгандыгы, шайлоонун жүрүшүндөгү кемчиликтер жана катачылыктар, мыйзам бузуулар туурасында дагы эркин сүйлөшүүлөр орун алды.

Талапкер катары шайлоонун жыйынтыктары боюнча доклад менен кайрылган Токтайым айым шайлоодогу агитация мыйзамы боюнча үгүттөө иштеринин кайсыл мезгилде токтоосу жана бул убакыттан кийин болгон жыйындардын канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендиги, БШК тарабынан түзүлгөн 27 кошумча участок, Биометрия жана Асу системалары, шайлоо алдындагы кээ бир талапкерлердин чет өлкөлүк ажолор менен жолугушуусу, анын шайлоого жана ички экономикалык саясатка тийгизген таасири туурасында токтолду.

Белгилей кетсек, аталган жыйынга Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлигин койгон башка талапкерлер дагы чакырылган. Бирок алардын бири дагы келген жок.