“Кентавр” тасмасы Беларусия президентинин байгесин алды

Режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы Эл аралык жабык “Листопад” кино фестивалында “Тасмадагы гумандуулук жана руханийлик” үчүн Беларусия президентинин байгесин утту. Бул тууралуу kyrgyzcinema.com расмий сайтында маалымдалат.

Актан Арым Кубат Минсктен туура Малатьяга (Түркия) учуп кетти, ал жакта “Кентавр” тасмасы башкы сынакта катышып жатат.

Булак: Кабар

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *