Бишкекте 17 жаштагы россиялык бала 9-кабаттан кулап каза болду

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан кулаган Россиянын жараны каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кырсык борбор калаанын Чыңгыз Айтматов көчөсүндө болгон.

«Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары «Байчечекей» дүкөнүнүн чатырынан 9-кабаттан кулаган адамдын сөөгүн алып чыгышты»,— деп айтылат маалыматта.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Булак: Спутник