Келечекте Бишкек — Ашхабад авиакаттамын ачуу талкууланды

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев түркмөн кесиптеши Рашид Медеров менен Бишкек — Ашхабад авиакаттамын ачуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу 11-ноябрь күнү Самаркандда «ЕС — БА» (Евросоюз — Борбордук Азия) форматында өткөн тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында болгон. Анда эки тараптуу кызматташуу, саясий, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жатта кыргыз-түркмөн мамилелери талкууланган.

Мындан тышкары, министрлер эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселелери менен бирге эки борбор калааны байланыштырган түз авикаттам ачуу аракеттерин да кеп кылышканы айтылат.

Булак: Спутник