Канат Исаевге эч жакка кетпөө жөнүндө чара көрүү белгиленди

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге прокуратура органдары тарабынан мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан айыптоо тагылды. Анда Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда мыйзам бузгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси боюнча коррупцияга айыпталып, кылмыш иши ачылганы айтылат. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Канат Исаев мэр болуп иштеп турган учурда жалпы пайдалануудагы муниципалдык жер тилкесин жеке компаниянын ээлигине мыйзамсыз берген. Ошондой эле, мэриянын башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, алар менен биргелешкен жеке компаниянын автостанциясынын курулуш иштерине шаардык бюджеттин эсебинен каражат бөлгөнү, муниципалдык имаратты баасын төмөндөтүп жеке жакка түз сатканы белгиленген.

Канат Исаевдин жана башка жактардын жогоруда айтылган мыйзамсыз иш-аракеттеринин айынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

УКМК билдиргендей, тергөөчү тарабынан айыпталуучу Канат Исаевге эч жакка кетпөө жөнүндө чара көрүү белгиленген.

Канат Исаевге эч жакка кетпөө жөнүндө чара көрүү белгиленди: 1 комментарий

Комментарии запрещены.