Өкмөт: ноябрдын соңуна чейин Бишкек менен Ошко видеобайкоо орнотулат

Жол эрежесин бузгандарды каттоого алган видео-фото байкоо жабдуулары Бишкек жана Ош шаарларына 30-ноябрга чейин орнотулат. Бул тууралуу өкмөттүн жол коопсуздугу системасын реформалоонун комплекстүү чаралары боюнча иш-мерчеминде айтылат. Документке ылайык, ал «Таза коом» долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

Маалыматта видеокамералар келечекте өлкө бойлой орнотулары айтылат. Ал үчүн ИИМ жана шаар мэриялары жооптуу.

Өкмөттүн жол коопсуздугу системасын реформалоонун комплекстүү чаралары боюнча иш-мерчеми негизги алты бөлүктөн турат. Ага 103 пункт камтылып, 148 ишти аткаруу жазылган. Ар биринин мөөнөтү белгиленген.

Андан тышкары, жыл аягына чейин жол кырсыктары боюнча маалыматтар камтылган борбордук банк түзүп, эреже бузгандардын жоопкерчилигин күчөтүү, жол коопсуздугун тейлеген тартип сакчыларын эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин көмөгүндө үч айлык окуудан өткөрүү жагы жазылган.

Быйыл 8-ноябрда парламент депутаты жолдорго видеобайкоо орнотууга акча жок экенин, 2018-жылдын бюджетине да кирбей калганын, ал үчүн каражат издөө керектигин билдирген эле.

Өткөн жумада премьер-министр Сапар Исаков Патрулдук милиция башкармалыгын жоюп, аны Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык деп кайра түзүү тууралуу токтомго кол койгон.

Өкмөткө караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түзүлүп, төрагалыгына вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бекитилген.

Булак: Азаттык