Исаков Кайгуул милициясы эмнеге жоюлганын айтып берди

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 13-ноябрда, жол коопсуздугу боюнча реформанын планы кандай аткарылып жатканын текшерди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Аталган планда 103 пункт камтылган, 6 негизги блоктон турат. Ошондой эле жол коопсуздугун сактоого багытталган 148 иш-чара аткарылат.

«Жолдогу коопсуздукту жакшыртууга багытталган планды жүзөгө ашыруу иштери жай жүрүп жатат. Мындан улам кезексиз жыйын өткөрүп, Кайгуул милициясын жойдум. Бул кызматтардын аталышын эле өзгөртүү эмес, жол коопсуздугун сактоого багытталган алгылыктуу кадамдар болуп саналат», — деди Сапар Исаков.

Ошондой эле ал бардык иш-чаралар өз мөөнөтүндө аткарылып бүтүшү керектигин баса белгилеп, эгер убагында аткарылбаса кызматтан кетирүүгө чейинки чаралар колдонуларын айтты. Мындан тышкары, өкмөт башчы процесстерди автоматташтыруу, жаңы кызматкерлерди алуу аракеттерине, «Акылдуу шаар» долбооруна жана маалыматтык иш-чараларга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Белгилей кетсек, өкмөт башчы Сапар Исаков 9-ноябрда, Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгын түзүү тууралуу токтомго кол койгон.

Булак: Спутник