Кыргыз балбандары Сочидеги дүйнө чемпионатынан 5 медаль менен кайтышты

Сочиде өткөн самбо боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар беш медаль утушту. Бул тууралуу маалымат Эл аралык самбо федерациясынын сайтына жарыяланды.

Кыргызстандык балбандар жоокердик самбо боюнча бир алтын, эки күмүш жана эки коло медаль багындырышкан.

Алар төмөнкүлөр:

Бекназар Раимкул уулу (74 кг) — алтын;

Мухаммедали Эргешев (52 кг) — күмүш;

Автандил Орозбек уулу (62 кг) — күмүш;

Улан Абдимамат уулу (100 кг) — коло;

Аманат Алтынбек уулу (57 кг) — коло.

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты 10-12-ноябрь күндөрү өтүп, ага 90 мамлекеттен 800дөй спортчу катышкан. Жалпы жонунан 27 медалдын комплектиси ойнотулган.

Булак: Спутник

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *