«Ата керээзин» тарткандар Барселонада мыкты режиссер аталышты

«Ата керээзи» тасмасын тарткан Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу Барселона шаарында өткөн V Азия кинофестивалында «Эң мыкты режиссер» наамын жеңип алышты. Бул тууралуу тасманын режиссерлорунун бири Дастан Жапар уулу социалдык баракчасына жазды.

«Биздин тасмабыз Барселонада өткөн V Азия кинофестивалында «Эң мыкты кинорежиссер» наамын жеңип алды. Фестивалдын уюштуруучуларына жана калыстар тобуна ыраазычылык билдиребиз», — деп жазды тасманын жаратуучусу.

«Ата керээзи» буга чейин Италияда өткөн кинофестивалда да байгелүү орунга илинген.

Булак: Спутник