Улуттук банк дагы 2,2 млн. долларды сатыкка чыгарды

Дүйшөмбү күнү Улуттук банк 2 миллион 250 миң доллар сатканы тууралуу маалымат мекеменин сайтына жарыяланды.

Эскерте кетсек, 24-октябрдан бери башкы банктагы доллардын курсу 1,3 сомго кымбаттап, ушу тапта 69 сом 74 тыйынды түздү. Акча алмаштыруучу жайларда 70 сомдук чекке жакындап келе жатат.

Улуттук банк чет элдик валютаны буга чейин эки ирет сатыкка чыгарган. 8-ноябрда 19 миллион 450 миң доллар сатса, эки күндөн кийин 3,1 миилион доллар сатылган. Жалпысынан ноябрда 24,8 миллион доллар сатыкка коюлду.

Өлкөнүн башкы банкы интервенцияларды ар кыл себептен жүргүзүп келет, анын ичинде валюта курсун турукташтыруу да бар. Былтыр банк 192 миллион доллар сатып алса, 150 миллионго чукулун саткан.

Булак: Спутник

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *