Ош-Исфана жолундагы кырсыктан үч адам набыт болду

Сүрөт: Ош-Исфана жолунда сүзүшкөн унаалар, 14.11.2017
Ош-Исфана жолунда 14-ноябрь күнкү унаа кырсыгынан үч адам набыт кетти. Окуя эртең менен саат жети жарымдарда болгонун Патрулдук милиция кызматынын басма сөз катчысы Медер Шабданов билдирди.

Маалыматка караганда, «Хонда-Степвагон» менен «Жигули» сүзүшкөн. Авариянын себептери жана мерт кеткендердин тек-жайы такталып жатат.

Күбөлөрдүн «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, «Жигулини» милиция кызматкери башкарып бараткан, экинчи машинада беш адам бара жаткан.

Расмий эсеп боюнча, быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда катталган жол кырсыктардын саны 5 миңден ашып, 700дөй киши набыт болду. Жараат алгандардын саны 8 миңге чамалайт.

Өткөн жумада премьер-министр Сапар Исаков Патрулдук милиция башкармалыгын жоюп, аны Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык деп кайра түзүү тууралуу токтомго кол койгон. Бул жол кырсыктарын алдын алуу аракети деп айтылган.

Булак: Азаттык

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *