Өмүрбек Бабанов фракция лидерлигинен кетти

“Республика – Ата Журт” фракциясынын кезексиз жыйынында Өмүрбек Бабановдун фракция лидерлигинен кетүү тууралуу билдирүүсү окулду. Билдирүүнү фракция лидеринин орун басары, депутат Талант Мамытов окуп берди,-деп маалымдашты аталган фракциядан.

Бабановдун айтуусу боюнча, мыйзам долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу жана саясий-экономикалык саясатты өзгөртүү үчүн «Республика» партиясы менен «Республика — Ата-Журт» фракциясынын иши мындан ары өз нугунда кетиши керек.

Фракциянын жаңы лидери фракциянын кийинки жыйынында дайындалат.

Булак: Кабар

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *