Министрликтердин айрым укуктары жергиликтүү органдарга берилет

Министрликтердин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү айылдардын дотациядан чыгып, өз алдынча өнүгүүсүнө шарт түзөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев атайын жумушчу кеңешмеде билдирди.

Мухамметкалый Абулгазиев министрликтердин өз милдеттеринин айрым бөлүктөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсүнүн негизги максаты – элдин убактысын үнөмдөө, калк арасында тейлөө сапатынын деңгээлин жогорулатуу жана каражатты сарамжалдуу пайдалануу экенин баса белгиледи. Ошону менен катар, ар бир министрлике кайсы милдеттерин өткөрүп береерин тактап, эсебин чыгарып, тийиштүү деңгээлде отчет даярдоону тапшырды.

Жыйында Өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Жумагүл Эгамбердиева «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби» мыйзамынын аткарылышы тууралуу толук маалымат берди.