Күн энергиясына кызыккандар арбууда

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Улуттук статистикалык комитеттин билдиргенине караганда акыркы алты жылдын ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын булганышы эки эсеге көбөйгөн. Бүгүнкү күндө Бишкек боюнча расмий каттоодо 316 595 автоунаа турат. Ал эми суткасына республика аймактарынан борбор калаага кирип-чыгып турган автонуулардын санын кошкондо 500 миңге жетүүдө. Андан тышкары, Бишкек ЖЭБинен чыккан түтүн да буга кошумча. Адам ден соолугуна чоң көйгөй туудурган булганган аба маселеси Жогорку Кеңештин депутаттары “Атмосферадагы абаны коргоо жөнүндө” мыйзамды карап жатканда катуу талкууга түштү. Белгилүү болгондой, ишкерлер Европа мамлекеттеринен, Япониядан пайдалануу мөөнөтү өтүп калган арзан машинелерди алып келип жатышат. Мына ушуга байланыштуу айрым депутаттар он жылдан ашык пайдаланылган машинелерди айдоого тыюу салуу керек деген ойлорун айтышууда.

Абанын  кескин  булганышы  депуттарды гана эмес коомчулуктун да бүйрүн кызытып жиберди. Кыргызстанда 2012-жылы автоунаалардын абалын техникалык көзөмөлдөн өткөрүү алынып салынган. Абанын булганышы гана эмес, жол кырсыктарынын көбөйүп жатышы да автоунаага болгон мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугунан чыкканы айтылып жатат. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекет-тик инспекциянын Бишкек шаары боюнча башкы инспектору Камил Султанмуратовдун “Азаттык” радиосуна берген маегинде: “Бишкек ЖЭБинен, мазут, көмүр жаккан мекеме-ишканалардан чыккан уулуу заттардын чыгышы абанынын булганышынын 15 пайызын түзүп жатат. Ал эми жалаң автоунаалардан чыккан уулуу газдар калган 85 пайызын түзүп келет”, – дейт.

Дүйнө жүзүндө экология көйгөйү глобалдык маселеге айланды. Өнөр жайы өсүп, экономикасы жолго коюлган мамлекеттер абага уулуу заттарды чыгарбоо боюнча БУУнун 1997-жылы кабыл алынган Киото конвенциясындагы милдеттерин аткарышкан эмес. Ар бир мамлекетке амосферага зыян-дуу заттарды чыгаруунун минималдуу өлчөмү боюнча квота бөлүнгөн. Бирок, экологияга караганда экономиканы алдыңкы планга коюп алган өнүккөн мамлекеттердин кесепети тийип, Жер планетасындагы адамдар жабыр тартууда. Экологдордун сөзү менен айтканда “Атмосферанын өзгөрүшү чек араны танда-байт, саясатты билбейт”. Киото келишиминин уландысы болуп, мындан эки жыл мурдагы Парижде глобалдык жылуулуктун 1,5 С ашырбоо боюнча келишимге 196 өлкө кол койгон. Биздин адистерибиздин айтымында Кыр-гызстан өзүнө тиешелүү норманы аткарып жатат.

Өнөр жайы өнүккөн бирок, асманын күңүрт түтүн каптаган Пекинден жергебизге келген бир ишкер асманды карап алып: “Ас-маны көпкөк болгон өлкөдө жашаган силер кандай бактылуусуңар!”, – деп суктаныптыр. Климаттык өзгөрүүлөрдү болтурбоо максатында айрым ишкерлер альтернативдик энергоресурстарды колдонууга өтүп жатышы кубанарлык иш. Мисалы, Орто-Сай айылындагы “Бишкекжылуулукэнергия” ишканасынын от казанына күн энергиясын алуучу гелиоколлектор жабдуусу орнотулду. Мындай жабдуу-ну колдонуу чоң түйшүктү талап кылбайт. Каражатка үнөмдүү, экологиялык жактан таза, жылуу сууну иштеп чыгууда колдонууга жеңил. Мындай технологияны пайдалануунун мөөнөтү 50 жылга жетет. Биз күн энергиясын колдонуучу үнөмдүү жана экологиялык таза технологияны жайылтышыбыз керек. Айрым, жеке ишкерлер аны турмушка ашыра баштады. “Байтур” компаниясынын иш башкаруучусу Гүлбара Барктабасова мындай дейт: “Кыргызстан күнөстүү өлкөлөргө кирет. Бир жылда 365 күн болсо, орточо алганда анын 300 күнү ачык болуп турат. Биз күн батареяларын орнотсок электр энергиясынын 40-60 пайызга жакыны үнөмдөлөт. Энергиянын альтернативдүү булактарын издеп табуу Кыргызстан үчүн эле эмес, дүйнө жүзүндө маанилүү иш экени талашсыз. Күн батарея-ларын энергияны көп талап кылчу ишкана-ларга, жеке менчик үйлөрдүн чатырларына орнотсо болот. “Байтур” компаниясынын тажрыйбасынан айта кетсек, сууну 35-40 градуска көтөрүп алып, күн батареяларынын жар-дамы менен аны 90-100 градуска жогорулата алабыз. Мындай модель кымбат эмес. Ал ме-кеменин ишинин кубаттуулугуна же имараттын аянтына жараша болот. “Байтур” компа-ниясы орноткон бул технология эки жылдын ичинде өзүнө кеткен чыгымды толук актап берди”.

Кытай  мамлекети  абаны  каптаган түтүндүн аргасын издей баштады. Быйыл 29-юнда Шаньси провинциясынын Датун шаарындагы күн энергиясын пайдалануучу дүйнөдөгү эң ири электрстанциянын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Глобалдык жылуулукту токтотуп калуу, абанын булганышын азайтуу маселеси Жер планетасындагы жаштарды кайдыгер калтырган жок. Мисалы, Датун шаарындагы электрстанция-сын куруу идеясын Америкада окуган 17 жаштагы кытайлык өспүрүм көтөргөн. Ал күн энергиясын алуучу электр станциясынын долбоорун иштеп чыккан. Адистердин эсеби боюнча 100 мегаватт кубаттуулуктагы жаңы электр станция 25 жыл бою жылына 3.2 млрд. кВт саат электр энергиясын бере алат. Ошону менен бирге 1 млн. 56 миң тонна көмүрдү үнөмдөөгө күчү жетет. Аны менен бирге 2.74 млн. тонна көмүр кычкыл газын абага чыгаруу токтотулат. Быйылкы жылы Дубайда да күн энергиясы менен иштеген ири электр станция курулуп ишке берилди.

Ал эми бизде акыркы беш жылдан бе-ри чет элдик донорлордун жардамы менен “Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо” долбоору иштеп жатат. Турак-жайдын сыртын жаңы технология аркылуу жылуула-тып алган жарандар үй-бүлөнүн каражатын гана үнөмдөп калбастан, көмүр жагууну эки эсеге кыскартышууда. Бирок, бул процесс жай жылып жаткандай ой калтырат. Атал-ган долбоордон чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү да колдонушууда. Өкмөт мындай алгылыктуу ишти республиканын бардык ай-мактарына кеңири таратуу саясатын тынбай жүргүзүүсү керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *