Криштиану Роналду «Реал» клубунан чыгарын айтып, себебин түшүндүрдү

Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Мадриддин сезон аяктагандан кийин «Реал» клубунан кетүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Р-Спорт жазып чыкты.

Роналду өзүнүн каалоосу тууралуу «Реал» клубунун президенти Флорентино Пересуга билдирген. Бирок ал 32 жаштагы футболчунун келишими 2021-жылы аяктай турганын айтып, аны кое берүү оюнда жок экенин белгилеген.

Португалиялык футболчу «Реал» клубу дүйнөлүк класстагы футболчуларды өз курамына алуу аракети менен ага карата сыйлабастык мамиле жасап жатканын билдирген. Клуб караштырып жаткан оюнчулардын катарында «Монакодон» «Пари Сен-Жермен» клубуна өтүп кеткен Килиан Мбаппе дагы бар.

Роналду «Манчестер Юнайтед» клубунан 2009-жылы кетип, «Реалда» ошол эле жылдын жай айларынан тарта ойной баштаган.

Булак: Спутник

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *