Өнүгөлү десек, өзүбүздүн адистерди колдойлу

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Биздин гезит ушул рубриканын алдында өз алдынча жаңы техникаларды же технологияларды ойлоп тапкан алтын колдуу адамдар жөнүндө жазып келет. Алардын бири – Давут Игамкулов. Ал ойлоп тапкан картошка казуучу комбайн жөнүндө мурда жазган элек. Эми да бул жеке ишкер, ойлоп табуучу жаңы техника жаратуу менен органикалык жер семирткичти пайдаланууну жеңилдетип отурат. Анын мындай техника жасоосуна Сокулуктагы «Ак-Куу» канаттуулар фабрикасынын башкы директору Нургүл Малабаева себепкер болуптур.

Жетекчи катарында Нургүл Малабаеванын да ар бир ишке тыкан мамилеси ушул иштен көрүнүп турат. Натыйжада өлкө дыйкандарына мол түшүм алууга негиз боло ала турган иш жасалды. Муну жалпы өлкө үчүн маанилүү жаңылык катарында караса да болчудай. Жерди үзгүлтүксүз, дем алдырбай, ар жылда айдай бергенде ал түшүм бермек түгүл, өзү деградацияга тушугат эмес-пи. Азыркы майда чарбалуу айыл чарбасында мындай көрүнүш бардык жерде кезигүүдө. Ушундай абалдан улам Н.Малабаева жерди интенсивдүү калыбына келтирүү методдору жөнүндө ойлонуптур. Анан экологиялык жактан таза жана мол түшүм алуу үчүн жерди  нукура  органикалык  азык  зат  ме-нен семиртүүнү колго алууну туура көрөт. Айдоо жерге адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү жасалма минералдык жер семирткичтерден жана пайдасы менен кошо ар кандай отоо чөптөрдүн жана зыянкеч курт-кумурскалардын “үрөндөрүн” кошо жайылтуучу андан ашык зыяны бар чийки кыкты кантип “бышып жетилтүү”, же алардын арылтуу жөнүндө ойлонот. Азыркы маалыматтык технологиялар заманында андай заманбап технология айыл чарбасы өнүккөн өлкөлөрдө бар экенин табат. Көрсө, органикалык жер семирткичтерди зыяндуу нерселеринен арылтуу үчүн аны бышырып жетилтүү зарыл экен. Ал үчүн фермадан, малканадан чыккан кыкты узатасынан, кырча дөң кылып (бурт) үйүп, газын чыгара аралаштырып, ошол эле мезгилде аны пайдалуу бактериялар менен каныктырып, байытуу керек экен.

Бирок ошол кыкты же башка органикалык затты аралаштырып, ошол эле мезгилде пайдалуу бактериялар менен байытып, каныктырчу айыл чарба машинасы бизде жок болуп чыкты. Аны кантип жана кимге жасатуу керек?

Мындай  сунуш  менен  Н.Малабаева өлкөбүздөгү тажрыйбалуу адистерди издештирет. Мына ушул жерден ортодогу тааныш адамдардын кийлигишүүсү менен Союз мезгилинде Белоруссиядан билим алып, өз алдынча айыл чарба машиналарын жасоо боюнча конструктордук ойлоп табуучулук иш менен алектенип жүргөн Давут Игамкулов менен байланышат.

Ишкер айым менен иш билги ойлоп та-буучу талап кылынган техниканын параметрлери боюнча өз ара талкуулашкандан кийин адис ишке киришкен. Натыйжада буга чейин өлкөгө тыштан келе элек, өзүндө жасалбаган компостту тыкан аралаштыруучу машинаны жасоо процесси башталат. Эске сала кетсек, Д.Игамкулов инже-нер адистиги бар балдары менен бирге үй шарттында эле буга чейин да картошка казуучу комбайнды жасашкан. Инженердик эсептөөлөрдү жасашкандан кийин төрт ай аралыгында айыл чарба машинасын жасап, аны пайдаланууга беришет. Машина Н.Малабаева жетектеген «Ак Куу» канаттуулар фабрикаында өз функциясын жакшы аткарып, заказчынын купулуна толот.

Бирок өкүндүргөнү – мына ушул дыйканчылыкта жерди интенсивдүү пайдаланууга жаңы, заманбап жол ачып, экологиялык жактан таза жана мол түшүм алууга өбөлгө түзүүчү машина мурдагы техникадай эле массалык масштабда чыгарылууга жол таба албай турат. Мына ушул жерден мамлекеттик колдоо болсо, ал өлкөбүздүн айыл чарбасын интенсивдүү өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөк. Евразиялык экономикалык бирликке киргенден бери өндүргөн айыл чарба товар-ларыбызды ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн жетиштүү көлөмдөрдө өндүрө албай келебиз. Андай көлөмдөрдөгү товардык продукция алуу үчүн айыл чарбасын интенсивдүү өнүктүрүү зарыл экенин да билебиз. Аны иш-ке ашыруунун бири ушул айыл чарбасын механикалаштырууда эмеспи.

Анда эмне үчүн Д.Игамкуловдой адамдарга мамлекеттик колдоо табылбайт?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *