Жалал-Абадда кылмышка шектүү аялдар кармалды

Жалал-Абадда шаар тургундарын, айрыкча такси айдоочуларын опузалап жүргөн деген шек менен аялдар тобу кармалды. Мындай маалыматты облустук милициядан билдирген.

Маалыматка ылайыка,  кылмышка шектүүлөр түрдүү ыкмаларды колдонуп, айрым айдоочуларды «зордуктадың деп коркутуп», акча алган.  34-40 жаштагы үч аялдын бири Өзбекстандын, экөө Кыргызстандын жарандары. Аялдардын үстүнөн таксист болуп иштеген, 15 миң сомун алдырган жаран жазган. Учурда кылмыш иши козголду.