Математик боло албагандар тилчи болушууда

Эмне  үчүн  математиктер  чечен сүйлөшөт да, а тилчилердин тили тантык? Анын себеби бул жакта. Кыргыз тилчи адистерди 2 топко бөлүүгө болот: биринчиси – кыргыз тилди жаштайынан жакшы көрүп, кыр-гыз тилчи болууну каалагандар, экинчиси – математика сабагын мектепте начар окугандар, окуса да түшүнбөгөндөр. Математиканы начар окуган абиту-риенттер, адатта, жогорку окуу жайына тапшырганы келгенде, математика пред-мети жок факультеттерди карашат. Ал дээрлик бардык факультеттерде бар, мате-матика жогу – бул кыргыз тил, орус тил же англис тил адистиктери. Бирок, айылдан келип, англис жана орус тилин жакшы билбегендер үчүн тандоо мүмкүнчүлүгү жок, демек, кыргыз тил гана калат. Ошентип, математиканы билбеген көпчүлүк абитуриенттер кыргыз тилчи болушат. Алар кийин жогорку окуу жайда да математиканы окушпайт. Филология факультетин бүткөндөр кийин тилди да, адабиятты да окутушат. Бирок, тилчи менен адабиятчынын ортосунда абдан чоң айырма бар. Анткени, математикадан качкан кыргыз тилчилер окуткан кыргыз тилдин жана аны окутуунун абалы учурда абдан чабал болууда.

Кыргыз тил менен математиканын кандай байланышы бар

Окуу  планындагы  предметтер  ишмер-диктин түзүлүшүнүн компонентте-ри (В.С.Леднев 6 топко бөлөт), жетектөөчү компоненти (И.К.Журавлев, Л.Я.Зорина төрт топко бөлөт) боюнча бир нече-ге топтоштурулат. Окуу предмети-нин жетектөөчү компоненти бо-юнча окуу предметтер төрт топко бөлүнөт: жетектөөчү компоненти «илимий билимдердин жыйын-дысы» (физика, химия, биология, география, тарых, астрономия), «ишмердиктин тиешелүү ыкта-ры» (математика, эне тил (экинчи тил), чет тил, чийүү, дене тарбия, эмгек, алгачкы аскердик даярдык), «чыгармачыл ишмердиктин тажрый-басы» (бул боюнча өзүнчө предмет азы-рынча окуу планында жок), «эмоциялуу-баалуулук  мамилелеринин  тажрыйбасы, дүйнөнү образдуу кабылдоо» (адабият, көркөм өнөр, музыка, бийлер ж.б.).

Албетте, бул төрт компонент ар бир окуу пред-метинде бар, бирок ар бир окуу предметинде алардын бири жетектөөчү болот. Мындан көрүнүп тургандай, тил менен математика бир топко түшүп, адабият башка топто жүрөт. Тилде да, математикада да иш-мердиктин ыктары негизги, жетектөөчү болот, б.а. математикада бардык аракеттер 0дөн 9га чейинки циф-раларды түрдүү ыкмалар менен колдонуу аркылуу ишке ашса, тилде алфавиттеги тыбыштар, тамгалар ар кандайча пайдаланылат, иштетилет. Ал эми адаби-ятта сүрөт, музыка сыяктуу дүйнө образдуу, көркөм кабыл алынат. Ошондуктан бир филолог мугалим тилди жакшы окутса, экинчиси адабиятты окутууга жөндөмдүү.

Демек, кыргыз тилди жакшы өздөштүргөн адам математиканы да жакшы билет, же тескерисинче. Кыр-гыз тилге шыктуулар мектепте математиканы да жакшы окушкан (же андан кыйналган эмес) жана алар шах-матты жакшы ойношот, б.а. логикалык ой жүгүртүүсү өнүккөн. Математиканы жакшы билбеген студент ада-бияттан мыкты болушу мүмкүн, бирок тилден алсыз болот. Ошондуктан жакшы математиктер логикалуу, чечен сүйлөп, математиканы начар билген тилчилерден көп алдыга кетип калышат. Мен чогуу иштешкен Исак Бекбоев, Алманбет Абдиев, Адылбек Касымов сыяктуу математиктер менен дээрлик бардык эле тилчилер тең ата сүйлөшө алышпайт.

Төкмө акындар зат атооч менен этишти эстейби же кыргыз тил предмети кандайча окутулат?

Баарыбыз  эле  билебиз,  балдарыбыз  же  неберелерибиз  мектепке  келгенге  чейин  укмуштай сөздөрдү айтышчу, сонун сүйлөшчү. Аларды  эстеп  көрөлүчү,  мына  эстеп  жылмайып  да  алдык. Бирок, бечара ошол бала биринчи класска келгенде кеби начарлайт, алгач жакшы сүйлөй албай калат. Эмне үчүн?

Анткени мектепте окутууда негизинен эрежеге басым жасалат. Мурда, мектепке келгенге чейин, сүйлөй турган предмети гана тууралуу ойлонгон баланын мээси эми үчкө бөлүнөт: бир бөлүгү сүйлөй турган предмети тууралуу ойлонот, экинчи бөлүгү – айткан сөздөрүм, сүйлөмүм эрежеге туура келип жатабы деген ой (демек, ага эреже-ни да кошо эстөөгө туура келет), үчүнчүсү – эжекем туура деп жатабы деген сары санаа. Эжекеси башын ийкеп жатса, кебин улантат, кокустан эжекеси ойлонуп кетип туруп калса, баланын кеби да токтойт. Бечара бала бул кризистен көптө барып чыгат. Бул аз келгенсип, жети жаштагы балада курактык да кризис болот. Анан какаганга муштаган кылып, өчөшкөнсүп биз эреженин үстүнө эреже беребиз. Натыйжада тил – карым-катыштын негизги куралы, өмүр бою өтө керек экендигине карабастан, көп балдар тилди көргүсү келбей, жек көрүп калат. Андан ары да эреже ме-нен ырааттуу түрдө класстан класска көңүлүн көк таштай калтырып отурабыз. Көпчүлүк балдар кийин чоңойгондо да  тилди  жек  көрүп,  өздөрү  да  жакшы  сүйлөй  албай калышат.

Баарынан кызыгы орто мектепте ар бир класста энесинин тилин күнүгө окутканына карабастан, өз энесинин тилинде оюн жеткирип айта албай, мукактанып турган адамдар, айрыкча тилчилер зээниңди кейитпей койбойт. Ошол эле учурда тилинен мөөрү төгүлүп, куюлуштуруп, ак жаандай төгүп жаткан төкмөлөрүбүз ырдап жатканда зат атооч менен этишти же башка эрежени эстей турга-нына толук күмөнүм бар. Демек, мектепте, жогорку окуу жайында да (керек болсо бакчада да) кыргыз тилди баш-кача окутуу керек.

Эрежелерди окубаган адамдардын чечендиги, жорго сөздүгү, же азыр эмне үчүн андай эмес

Биздин азыркы эрежелерди билбеген мурдагы адамдар уйкаштырып, куюлуштуруп, кыраатына келтирип сүйлөп, сөз кадырын билишер эле. Академик В.В.Радлов да кыргыз элинин чечендигине, ар бир кыргыз жамактатып, уйкаштырып сүйлөгөнүнө учурунда таң калган эмеспи. Тилдеги уйкаштык мыйзамы да ушул уйкаштыкка, сыдыргыга салгандай тизип, куюлуштуруп сүйлөгөнгө не-гизделип, ага жардам берип турат да. Кызыгы, ошолордун дээрлик баары кыргыз тилиндеги эрежелерди окушкан эмес же «мүйүздүү болом деп кулактан айрылдым», «акылдан азап» деген ушулбу?..

Эмне үчүн азыр андай эмес? Биринчиден, тилде да ааламдашуу процесси жүрүүдө. Тилибизге үндөштүк мыйзамына баш ийбеген ар кандай аралашма сөздөр кирүүдө. КТРК, СДПК, транспорт, архив деген сыяктуу сөздөр кайдан оңой менен үндөштүк мыйзамына туура келмек эле?! Бирок, Алайкуудагы Апы Бердибаев деген агабыз мындай эки сөздү келиштирип уйкаштырды эле: «Малдын жаманы – ЛПТУга (ал кезде малдын изолятору ушундайча аталчу), Баланын жаманы – СПТУга». А бирок мындай уйкаштыктар өтө эле аз эмеспи.

Экинчиден, айрым учурларда сүйлөмдөрдүн курулушу да бузулууда. Биз өзүбүз кошоматчыраак калкпызбы, айтор учурунда президентибиз (Аскар Акаев) орусча ой жүгүртүп калган экен, «Мен ойлойм…» деп койду эле, азыр баарыбыз ушинтип сүйлөп калдык. Бул маселеде орус тилинин таасири күчтүү болууда.

Үчүнчүдөн, кыргыз элинде, айрыкча акындардын айтышында, укмуштай бир жакшы ыкма бар эле, ал – бири айткан ойду экинчиси улантып, аны жаңы деңгээлге көтөрүп улантып кетүү, азыр эки киши сүйлөшүп турса, тескерисинче, биринин оюна экинчиси кереги болсо да, болбосо да каршы чыга берет, ошондуктан биринчиси сүйлөп бүткөндөн кийин экинчиси ал ойго кошулуп жатса да, сөзүн «жо-ок» деп баштайт. Муну бир күн ичинде эле сүйлөшкөн  адамдарыңызга  эксперимент кылып көрсөңүз болот, урматтуу окурман, канчасы ушинтип сүйлөйт болду экен? Өлкөбүздө ар кандай дебаттардын болуп жатканы жакшы көрүнүш, алар ой жүгүртүүнү өстүрөт, бирок эмне үчүн каршы ойлордун гана деба-ты болушу керек, бир ойду улам андан ары улантып кетүү боюнча да сынак-мелдештер өтсө туура болчудай. Анткени, айтылып жаткан сөздүн тескерисин ойлогон адам көп учурда ырааттуу, куюлуштуруп, тизмектетип сүйлөй албайт, тескеринин иши тескери да.

Мен бала кезде кийиктин этинен абдан майда туурап (анда май болбогондуктан, укмуштай майда тууралат), чыктан кошуп, кары кишилер кыйналбай чайнап, ырахаттана жешер эле. Алардын сүйлөгөн сөзү менен жеген тамагын азыр да окшоштура берем. Ал эми азыркы биздин абалыбызды алып карасаң, улам таш чыккан палоону жеп жаткан адамга салыштырам. Мына азыр таш чыгат деп, көзү алайып, коркуп турган адам каяктан бадырата чайнап, сыдыргыга салгандай кетмек эле?!.

Эмне кылуу керек?

Менин эки сунушум бар: Биринчиси – кыргыз тилчилерди даярдаган адистерге математика-ны жана табигый окуу предметтерди окутуу. Экинчиси – атайын мамлекеттик программа түзүп, математиканы мыкты билген, тилге кызыккан балдарга мектептен баштап максаттуу түрдө жакшылап колдоо көрсөтүп, тилчи кылып даярдоо. Бул ишти КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия колго алса болот.

Улам барган сайын кепке түшүнбөй баратабызбы?

Улам убакыт өткөн сайын кеп кадырына жетмек турсун, кепти жакшы түшүнө албай бара жаткандыгыбыз кейитпей койбойт, кепке жыгылуу, кеп-ке конок берүү да начарлап, билип билбесе да өз оюн таңуулай бермей адатыбыз күчөп баратат.

Кийинки кезде «Алдыңды бала бассын, артыңды мал бассын!» деген батаны «Бул туура эмес, алдыда мал болот, бала арттан ээрчийт» деп оңдоп кирдик. Ата-бабаларыбыз бул батаны берип жатканда малын алдына салып айдап, анын чаңында эшек минип бараткан, артында балдары ээрчип келе жаткан адамды элестеткен эмес. Эгер антип элестетсе, анын эмнеси бата? «Алдыңарды бала бассын» дегени «кан-жаныңдан пайда болгон тукумуңду дайыма биринчи, алдыга кой, сенин алдыдагы келечегиң ошол болот, малың, байлыгың да болсун, бирок балаңдан артта болсун, андан алдыга койбо, ал артта сага жөлөк болсун» дегенди билдирген.

Эгер  «бул  батаны  туура  эмес»  дегендердин  логикасы  менен  кетсек,  анда  «Кеп  келгенде  айтпаса,  кептин атасы өлөт», «Кепке конок бер» деген макалдарды кантип  түшүндүрөбүз?  Албетте,  алар  «кептин  атасы болмок беле, ага кандай конок бермек элек» дешери анык. Же болбосо, «Уугум сага айтам, уулум сен ук, керегем  сага  айтам,  келиним  сен  ук»  дегенди  кантип түшүндүрөбүз?

Ушундан улам бир окуя эсиме түшүп жатат. Алайкууда эл сөздү кадырлап, сөзгө абдан маани берет. Биздин Көк-Арт айлыбыздын ортосунда мурда бир эле чоң дүкөн болор эле, жанынан эч качан адам үзүлчү эмес. Бир жолу дүкөндүн алдында топтолушуп тургандар кызымтал болушуп, «тигил муну минтип сөзгө түшүрүптүр, ал тигиге минтип айтыптыр» деп көпкө каткырып чер жазышат. Көпчүлүгү таркап кеткенден кийин эки масыраагы ошол жерде отурат да, бири: «баары эле бирин бири сөзгө түшүрөт, бирок мына мени эч ким сөзгө түшүргөн эмес, түшүрө да албайт», – деп ыктытат. Анда экинчиси ага кыйшая карап: «Жо-ок, сен дайыма эле сөзгө түшөсүң, бирок сен өзүң сөзгө түшүнбөйсүң да, мына азыр деле менден 1:0 болдуң, бирок сен аны түшүнгөн жоксуң да, ээ?» – деп далыга тап-тап коет дейт. Биз да так ушундай болуп жатпайбызбы? Бул абдан өкүнүчтүү…

Алмазбек ТОКТОМАМЕТОВ, кыргыз тилчи, педагогика илимдеринин кандидаты

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *